Казакстан өзүнүн басымын көрсөтүүдө, Кыргызстан болсо көз карандысыздыгын далилдөөдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов “Авеста” басылмасынын журналистинин кыргыз-казак мамилесинин азыркы абалы тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Бирок кыргыз-казак мамилеси терең тамыр жайган тарыхка ээ. Бул эки эл маданияты жана каада-салты жагынан өтө жакын. Буга чейин да, азыркы күндө да эки улуттун өкүлдөрү бири-бири менен баш кошуп, аларды этника аралык нике деп эч ким эсептебейт. Бир сөз менен айтканда кыргыз-казак бир тууган эл десек болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстан суверендүү, көз карандысыз мамлекет. Бул өтө чоң мүлк эле эмес, элдин тагдырындагы абдан чоң жоопкерчилик. Эгер эки элдин биринде олуттуу катачылыкка жол берилсе, башкасы да андан жапа чегет. Тарых көрсөткөндөй, кыргыз менен казак ачкачылыкта, катаал күндөрдө бири-бирине кол сунуп келген. Муну биз эч качан унутпашыбыз керек”, — дейт ал.
М.Ниязовдун пикиринде, бир тараптуу соодага тоскоолдук жаратуу, транспорттук жана байланыштык блокадага алуу күтүлгөндөй жыйынтык алып келбейт. “Тескерисинче, ал ошол элдин консолидацияланышына, ички ресурстарын мобилизациялоосуна, маселени башка альтернативдүү жолдор менен чечүүгө жол издешине өбөлгө болот. Буга мисал катары Япония, Кытай, Россия, Иран сыяктуу ар кандай санкцияларга кабылып келген өлкөлөрдү келтирели. Аларга киргизилген санкциялар демилгечилерге тескери натыйжа алып келгенин көрүп жатабыз. Алыска барбай эле коңшу өлкөсүнүн блокадасында калган Тажикстанды алып көрөлү. Алар блокада жылдарында улуттук энергетика түйүндөрүн куруп чыкты, ТЭЦ сыяктуу ишканаларды колдонууга берүү менен электр энергиясына болгон жетишпестикти кыскарта алды. Газдын ордун жапкан көмүр өндүрүү өнүктү, цемент заводдору курулду”, — дейт элчи.
Ал санкциялар өлкөгө экономикалык кесепеттерди алып келгени менен ички экономиканы бекемдөөгө, сырткы көз карандылыкты төмөндөтүүгө өбөлгө болорун айтат. “Акыркы окуялар Кыргызстанды буудай жана көмүр муктаждыгын ички ресустар менен жабуу керектигине ынандырды. Өндүрүлгөн продукцияларды сатуунун альтернативдүү жолдорун издөө зарылдыгын бышыктады. Кыргызстандын жакынкы жылдары бул маселелерди чечүүгө ички ресурсу жетиштүү деп эсептеймин. Ошол эле учурда кырдаалды көбүртүп-жабыртып жаткандар бар. 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи өтөт. Ошондон тарта ал толук кандуу президент болуп иштей баштайт. Бул окуядан кийин эки тараптуу мамиле жөнгө салынып, талаштуу маселелерге чекит коюлат деген ишеним бар”, — дейт Ниязов.
Элчи мырза ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттер кабыл алынган эрежелерди сакташы керектигин эске салды. “Евразия экономикалык биримдигин түзүүнүн демилгечиси Казакстандын президент Нурсултан Назарбаев болгон жана ал соода-экономикалык байланышты өнүктүрүүнү колго алышы керек. Азыркыдай маселелер алдыда дагы болот. ЕврАзЭС уюмга мүчө мамлекеттердин маданий-гуманитардык мамилени бекемдей турган, өз ара экологиялык маселелерди чече турган аянтча да болушу кажет”, — дейт ал.