Кыргызстанды 6 жыл башкарган президент Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда кызматын тапшырганы турат. Атамбаев өлкө башчысы катары кандай иштеди?
— Эми Алмазбек Атамбаевди өзүбүз шайлаганбыз. Аны 6 жыл мурда көпчүлүк добуш менен президент кылып тандап алганбыз. Менин оюм боюнча, ал киши өзүнүн милдетин жакшы аткарды. Кыргызстанга туруктуулукту алып келди. 2011-2012-жылдары митингдер токтобой, ар кандай окуялар орун алып турду. Атамбаев болсо алардын баарын үйлөрүнө кайтарды. Учурда кыргызстандыктар эмгектенип, ар бири өз тармагында иштеп жатат.
— buyzanaflexinusa. Атамбаевдин эң чоң жетишкендиктери катары кайсы эмгектерин атайт элеңиз?
— Өткөн жылы Кыргызстанда референдум өттү. Көпчүлүк эл жаңы өзгөртүүлөр киргизилген Конституцияны тандады. Өлкөдө шайлоолор биометрикалык жол менен таза өтө баштады. Акыркы парламенттик жана президенттик шайлоолор дүйнөдө эң таза, алдыңкы шайлоолордун бири болду. Бул боюнча КМШ эле эмес, Европа мамлекеттерине үлгү көрсөтө алдык. Добуш берүүлөрдөн эртеси митингдердин өтүшү токтоду. Албетте, буга президент Атамбаевдин салымы чоң болду.
— Ошентсе да президентти айыптагандар бар. Ар кандай иштерге анын ысымын аралаштыруу аракеттери болду. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
— Демократия болгондон кийин анын да маданияты болушу керек. Тилекке каршы, президентке карата кара пиарлар да көп болду. Ошол эле учак кулаганда анын ичиндеги товарлар президенттики дегендер чыкты. Ошого карабастар бул киши так иштеди деп айтат элем.
— Атамбаев кандай кемчиликтерге жол берди деп эсептейсиз?
— Албетте, иш болгон жерде кемчиликтер болот. Атамбаев деле кемчиликтерди кетирип жатты. Анын өзү да моюнга алган мээсине эмне келсе ошону балп эттирип салганы кемчилиги болду. Мүмкүн ал көрөгөчтүк кылып көп нерсени айтып жаткандыр. Кантсе да жакшы иштеп берди. Ал үчүн ыраазы болушубуз керек.
— Сиз эмгектенип жаткан медицина тармагы Атамбаевдин тушунда кандай өзгөрүүлөргө туш болду?
— Биздин тармакта көп өзгөрүүлөр болду. Кыргызстандын экономикасы жарды болгону менен медицина тармагы алдыга жылып жатат. Дүйнөдө кандай жаңы технологиялар болсо алар келип жатат. Менчик медицина жайлары өнүгүүдө. Бир катар ооруканалар заманбап болуп оңдоодон өтүүдө. Бул тармакта да алдыга жылуу бар.