Домой Саясат Милиция Саляновдун өлүмүнөн саясый себеп тапкан жок, «атамекенчилер» саясый боек сүртүүгө аракет...

Милиция Саляновдун өлүмүнөн саясый себеп тапкан жок, «атамекенчилер» саясый боек сүртүүгө аракет кылууда

33

           Без названия (1)

Ушул жылдын 6-ноябрында экс-баш прокурор, «атамекенчи» депутат Аида Салянованын иниси Улан Салянов өзүнүн Көк-Жар конушундагы үйүндө киши колдуу болгону маалым. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө тобу кылмыштын бетин ачуу максатында иш алып барууда.

buy lisinopril 20 mg.

Тилекке каршы, ар нерседен «бутак чыгарып», ар бир ишке саясый боек сүртүп көнүп калган «атамекенчилер» бул өлүмдөн да саясый себеп табууга бар аракетин жумшап атышат. Парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары «Улан Саляновдун өлүмүндө саясый себеп бар, милиция муну жакшылап иликтебей атат» дей беришкенинен 21-ноябрда тергөө тобунун жетекчилиги аталган фракциянын жыйынына келип, маалымат берди. Анын айтымында бул кылмышка шектүүлөр бар, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөндөрү азырынча ачык айтылбайт.

“Бул иште саясий мотив бар деп айтуудан алыспыз. Каракчылык деген божомол бар”, — деди ал. Демек, кылмышка шектүүлөр бар, иликтөө иши жүрүп атат. Анда неге «атамекенчилер» жөн эле ызылдап атышат? Тергөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин, анан гана өздөрүнүн пикирин билдиришсе туура болбойт беле.