Активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарганы такталды. Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-мартка чейин камакка алынды.
Эске салсак, УКМК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда Мелис Аспековду жана Улан Жураевди кармаган.
Мелис Аспеков буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын айткан. Жапаров өзү бүгүн ишенимдүү өкүлү эмес экенин билдирди.