Домой Дүйнөдө Тажикстанды 28 жыл башкарган Эмомали Рахмон кайрадан президенттикке талапкер

Тажикстанды 28 жыл башкарган Эмомали Рахмон кайрадан президенттикке талапкер

88
????????????????????????????????????

Кечээ, 26-августта Тажикстандын Көз карандысыз профсоюздарынын федерациясы президенттик шайлоого учурдагы өлкө башчы Эмомали Рахмондун талапкерлигин көрсөттү.

Эмомали Рахман бешинчи талапкер болуп катталды. Буга чейин Рустам Латифзода (Тажикстандын агрардык партиясы), Абдухалим Гаффоров (Тажикстандын социалисттик партиясы), Саидджафар Усмонзода (Тажикстандын демократиялык партиясы) жана Рустам Рахматзоданын (Тажикстандын экономикалык реформалар партиясы) талапкерлиги сунушталган.

Ал эми Тажикстандагы коммунисттик партиянын жана элдик-демократиялык партиянын талапкерлери сентябрь айынын башында белгилүү болот.

Оппозициялык Социал-демократиялык партиясы президенттик шайлоого бойкот жарыялашы мүмкүн. 2 күн мурда аталган партияын лидери Рахматилло Зойиров талапкерлигин сунуштабай турганын айткан. Ал учурдагы президент Эмомали Рахмондун саясий партиянын төрагасы болууга укугу жок экенин кошумчалап, өлкөдө көп партиялуулук жоголуп, бир партиялуу система орноп калганын айткан.

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт.

Эмомали Рахмон өлкөнү 28 жылдан бери жетектеп келет.

Булак: barakelde.org