Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) катышуу маселесинин Жогорку Кеңеште талкууланышы өкмөттүн отставкасы тууралуу сөздөрдүн чыгышы үчүн күтүүсүз шылтоо болду. Тагыраак айтсак, реалдуу эмес, ойдон чыгарылган шылтоо болду. Парламент министрлер кабинетин ЕАЭБ мамлекеттерине ийгиликтүү катышуу үчүн эч нерсе жасаган жок деп айыптоого аракет кылууда. Ошол эле убакта обьективдүү факторлор, мамлекетибиз бул биримдикке кирүүдөгү кырдаал, жасалган кадамдар боюнча далилдер жана келечекке болгон пландар эске алынбай калууда.
Кыргызстан ЕАЭБке дүйнөлүк экономикалык кризистин фонунда, мамлекет-өнөктөштөрүнүн экономикалык активдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөө фонунда, алардын ортосундагы соода-сатыктын көлөмүнүн төмөндөө маалында мүчө болуп кирген. Бүгүнкү күндө кырдаал азыраак жакшырды, бирок соода-сатыктын көлөмү дагы деле анчейин эмес. Республикабыз биримдикке кирүү стадиясында турганда ошол эле парламентте ЕАЭСке мүчө болгон биринчи жылдар мамлекет үчүн жеңил дагы, жөнөкөй дагы болбой тургандыгын ачык эле билдиришкен. Ошол эле убакта «макул» деген добуш берүү үчүн аргументтер эч кандай күмөн жараткан эмес: жаңы интеграциялык биримдикке кошулуу республикабыздын экспорттук потенциалын өнүктүрүү, өндүрүштү өнүктүрүү, жалпы рынокко катышуу жана эң эле маанилүүсү кыргызстандык эмгек мигранттарын колдоо үчүн керек болгон.
Балким, Биримдик менен соода-сатык жаатында биз азырынча ута элекпиз, азырынча өндүрүштү өнүктүрүү жана тоскоолдуктарды биротоло алып салуу жолунда баратабыз, бирок эмгек мигранттарын колдоо үчүн жасалган кадам өтө маанилүү болуп калды: алар жумуш үчүн ошол мамлекеттин жарандары менен бирдей эле укукка ээ болушту. Анан дагы 2016-жылдын 11 айындагы акчалай которуулар 2015-жылга салыштырмалуу 18,5%га өстү. Болжолдуу маалымат боюнча кризиске чейинки 2 миллиард долларга жакындады.
ЕАЭБке кирүү Кыргызстандан биримдиктин талаптарына жүрүп баратып эле туура келүүнү жана тез арада аракет кылууну талап кылды. Биринчи кезекте бул Белоруссия, Казакстан, Россия жана андан кийин Армения ортолорундагы бирдиктүү рынок алкагында өндүрүлгөн продукцияны көптөгөн миллиондук ири рынокко кирүүгө жол ача турган фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлгө тийиштүү болду.
Обьективдүүлүк үчүн айта кетүү керек, мамлекетибизде бардык буга чейинки жылдарда айыл-чарба продукциясын көзөмөлдөө маселесине айыл-чарбасындагы маркетинг маселесиндей эле, дыйкандарды стимулдаштыруу үчүн күчтүү жана мыкты өндүрүштүк кооперативдерди коңшулаш мамлекеттердин суроо-талабына жараша продукцияларды экспорттоо үчүн жетишээрлик көңүл бурулбады. Сертификация жана көзөмөл көйгөйү бүгүн эле туула калган жок. Кыргызстан ЕАЭСке киргенге чейин эле өзүнүн экспортко чыгарылчу айыл-чарба продукциясынын сертификациясы маселеси менен алышып келген. Мындай абал 1990-жылдарда да, 2000-жылдары да болгон. Бул маселени чечүү үчүн парламентарийлер эмне кылды эле, анын ичинде буга чейин өкмөттө жогорку кызматтарды ээлеп тургандар эмне иш кылган? Алар өздөрү эч кандай иш кылбастан эле бүгүнкү күндө жогорку трибунадан туруп алып өкмөттү сындап, эч кандай аракет кылбай жатат деп бардык жоопкерчиликти министрлер кабинетине жүктөп отурушат. Сындоо алда канча жеңил. Чынында бул маселелер алдакачан эле ийгиликтүү чечилсе болмок.
Бул факт, ЕАЭБке киргенге чейин республикабызда практика жүзүндө лабораторияларды модернизациялоо жүргөн эмес, чек ара өткөрүү пунктарында тиешелүү жабдуулар болгон эмес жана бардык пайда болгон маселелерди ишкерлер өздөрү чечип келген.
Бирок реалдуулук башка шарттарды талап кылды жана өкмөт интеграция процессинде теңата катышуу үчүн аракет жасай баштады. Бир жыл ичинде эле Россия Федерациясынан бөлүнгөн каражатка чек аралардагы эл аралык өткөрүү пункттарында керектүү жабдуулар коюлду, жети ветеринардык-көзөмөл пункту жабдылды, мамлекет бюджетинен каралган каражатка дагы сегиз ушундай пункттарды куруу жүрүп жатат. Парламентте премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тарабынан айтылган маалыматтарга караганда 30 кыргызстандык лабораториялар жана сертификация боюнча тогуз орган ЕАЭБтин Бирдиктүү ресстрине киргизилди. Алар документтерди беришет жана Союздун (Биримдиктин) территориясында бирдей кабыл алынат.
Мына ушунун арты менен бүгүнкү күндө 18 жергиликтүү кайра иштетүүчү ишкана айыл-чарба продукциясын Россияга экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Алардын 12си сүт азыктарын өндүрөт, үчөө балык, экөө бал жана бирөө эт продукциясын өндүрүүчү ишкана. Казакстандын рыногуна Кыргызстандын 8 кайра иштетүүчү ишканасы кире алат. Булардын саны көбүрөөк болмок, эгерде Казакстан Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлүн кабыл алып, чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү алып салганда жана фитосанитардык айрым маселелерин чечкенде. Мына ушундай маселелерди чечип жаткандан кийин өкмөттү эч нерсе жасабай жатат деп айыптоого болбойт. ЕАЭБ аткаруу органдарынын алкагындагы ар бир отурумда кыргыз тарап ветеринардык көзөмөлдү алып салуу маселесин көтөрүп келет жана жадакалса биримдиктин башка катышуучулары тарабынан өз системасын кабыл алдырууга жетишти. Бирок, Казакстан азырынча КР өкмөтү айтмакчы биздин продукциянын алардын рыногуна кирүүсүнө байланыштуу тобокелчиликтерден сактанып атат.
Балким, бул тобокелчиликтер алардын продукциясы менен кыргызстандык продукциялардын атаандаштыгы менен да байланыштуу. Бул жылы министрлер кабинети Казакстан менен чек араларда ветеринардык көзөмөлдү биротоло алып салуу жана ветеринардык системаны эквиваленттүү деп таануу боюнча ишти улантат. Бул тууралуу 2-февралда премьер-министр Жээнбеков парламентте дагы бир жолу билдирди. Кыргызстанда өндүрүлгөн мал чарбачылыгынын продукциясын ЕАЭБ рыногуна казак чек арасы аркылуу алып чыгуу үчүн малдарды идентификациялоо, эпизоотикалык мониторинг, малды электрондук система менен кароону киргизүү, жаңы ветеринардык лабораторияларды куруу жана бар лабораторияларды модернизациялоо боюнча иштерди тездетүү жана ветеринардык адистерди окутууну жүргүзүү иштерин улантуу пландалып жатканын белгиледи. Мына ушул кадамдардын бардыгы тармактардын жана бардык айыл-чарбасынын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.
Кыргызстандын өкмөтү ЕАЭБ мамлекеттери менен соода-сатыктын көлөмү төмөндөгөнүн моюнга алуу менен үстүбүздөгү жылы Союздун потенциалын ЕАЭС эркин соода-сатык зонасы боюнча макулдашууларды бекиткен жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан мамлекеттер менен соода-экономикалык байланышты түзүү үчүн колдонууга ниеттенүүдө. Бул мамлекеттердин катарында Вьетнам, Иран, Египет, Сербия, Сингапур жана албетте Кытай. Мына ушул мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин өнүгүшү жана бүгүнкү күндөгү бар потенциалды колдонуу Кыргызстан үчүн продукцияларды кошумча рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, ири инвестициялык долбоорлорго өзгөчө жеңилдиктерди да берет.
Мындан сырткары, ЕАЭБке гана ориентр албастан үчүнчү мамлекеттерге экспортту активдештирүү жана өнүктүрүү үчүн өкмөт механизмдерди иштеп чыгып жана аны ишке киргизүүнү пландаштырып жатат. Бул айыл-чарба өндүрүшчүлөрү үчүн олуттуу жардамчы болот, рыноктун суроо-талаптарына карата максаттуу иштейт, продукцияны өндүрүүнүн мүмкүнчүлүгүн жана сапатын кеңейтет, ошондой эле маркетингдик жана логистикалык борборлорду түзүүнү стимулдаштырат.
Кыргыз өкмөтүнүн планында Кытай, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия сыяктуу мамлекеттер менен стратегиялык маанилүү багыттар боюнча, анын ичинде айыл-чарба, кайра иштетүүчү өнөр жай, жеңил өнөр жай боюнча биргелешкен кооперативдик ишканаларды түзүүнү иштеп чыгуу маселеси да бар. Продукцияларды чыгаруунун багыты ЕАЭБ рыногуна сунушталат.
Жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча өкмөттүн планы республикабызда кошумча акча каражаттарына суроо-талап пайда кылат, бул маселени Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фондунун катышуусу менен чечсе болот. 2016-жылы бул фонд кредиттер боюнча коюмду (ставка) төмөндөткөн, анын арты менен кайрылуулардын жана долбоорлордун деңгээли заматта көбөйгөн. Фонддун капиталы 500 млн долларды түзөт, бүгүнкү күнгө чейин 202 млн доллар суммасына 640 долбоор жактырылган. Мына ушунун өзү ЕАЭБке кошулгандан кийинки реалдуу көрсөткүч, бул долбоорлордун ар биринде карапайым адамдар аракеттенип жатканын да айта кетишибиз керек. Миңдеген жумушчу орундары түзүлдү.
Кыргыз өкмөтү интеграциялык биримдикке катышуунун алкагында 2017-жылы алдына жетишээрлик амбициялык тапшырмаларды коөт. Аларды жеке өзү эмес башка мамлекеттер менен кызматташуу аркылуу чечет. Кыргызстандын ЕАЭБтеги позициясы күчтүү болушу үчүн бийликтин стабилдүү иши, министрлер кабинетинин ишинин стабилдүүлүгү керек. Анан дагы ушул жылы Кыргызстан ЕАЭБ органдарында төрагалык кылат, бул дагы мамлекетибиз үчүн өтө зарыл болгон маселелерди чечүүнү көзөмөлдөөгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бирок өкмөттүн айланасындагы дайымкы орунсуз сын-пикирлер процесстин жүзөгө ашуусун кечеңдетет. Өкмөттү отставкага кетиребиз деген коркутуулар бардык маселелердин заматта чечилип калышына алып келбейт. Тескерисинче кечеңдетет. Учурдагы өкмөт болгону үч айдан бери иштеп жатат жана ага белгилеген пландарын аткарышы үчүн жана акыры кыргыз экономикасынын ЕАЭБ интеграциясына ийгиликтүү адаптация болгонун көрүш үчүн мүмкүнчүлүк бериш керек.
Жекшенбек Абдысатаров