Өткөн жуманын өтө эле чуулгандуу окуясы интернет колдонуучулар тарабынан «Көк кит», «Тынч үй», “Сен оюндасың”, деген сыяктуу өспүрүмдөрдү суицидге үндөгөн оюндардын чыгышы болду. Бул эл арасында акыркы кезде кайталанып кеткен окуучулардын өз өмүрүн өзү кыюу фактысы дал ушул оюндардан улам болгонбу деген кооптонууларды жаратты.
Жакында эле Бишкекте 8-класстын окуучусу 5-кабаттан боюн таштап каза болсо, өз өмүрүнө балта чабуу фактысы Каракол, Балыкчы шаарларында да кайталанып кетти. Ошентип, алгач Россияда 15 өспүрүмдүн өмүрүн алган деп официалдуу айтылган вертуалдык оюн азыр Кыргызстанда Instagramда чуу салууда.
Россияда бул оюнга байланыштуу ал жактагы бир нече интертен тайпалары жабылып, оюнду ойлоп тапкан Будейкин деген адам суракка алынганы да кабарланды. Ал кайсы бир маалымат каражаттарына өз ишине эч өкүнбөй турганын айтып, ал өлгөн балдарга жакын адамдары бере албаган нерсени берип, көңүл бөлгөнүн айткан. Будейкин “алар бактылуу өлүштү” деген ойду айтып, дагы 30 бала өлүмгө даяр экенин кабарлаган.
Негизи бул оюндардын баары эле окшош дешет адистер. Алар: “Анда кимдир бирөөлөр байланышта болуп, балдардын психикасына таасир этүүчү түрдүү музыкалар угузулуп, түрдүү тапшырмалар берилет. Жөнөкөй тапшырмаларды берүү улам тереңдеп олтуруп 50-күнү өз өмүрүнө кол салууга мажбур кылат. Оюнда алгач эле өспүрүмдү “сен оюндасыңбы?”, “Артка жол жок” деген сөздөрдү айтып, өзүнө байлап, кийин өзүн өлтүрүү менен гана жеңишке жетүүгө боло турганы билдирилет. Оюндан кайтууну каалагандарды бир туугандарын, жакындарын өлтүрөбүз деген коркутуу болот”,-деп айтышат.
Кыргызстанда да колун тилип, киттин сүрөтүн түшүргөн фактылар бар дешет. Расмий маалыматка караганда, соңку бир ай ичинде өлкөдө 16 өспүрүм жанын кыйды. Бул дал ушул оюнга байланыштуу деп эч ким айтпаган менен, мамлекет Интернетти каптап бараткан «Көк кит» оюнуна каршы күрөшүү аракетин жүргүзө баштады. Атап айтканда, мекемелер аралык комиссия түзүлүп, айрымдары интернет айдыңын көзөмөлгө алууга баштаса, дагы башкалары мектептерде, билим берүү жайларында түшүндүрүү ишин өткөрүүдө. Комиссияга Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер, Билим берүү министрликтери, Башкы прокуратура жана психологдор кирген.
Кыргызстанга алгач «Инстаграм» социалдык түйүнү аркылуу тараган “Көк кит” оюнунун эрежесине ылайык, «өлүм флешмобунун» катышуучусу өздүк интернет баракчасына алгач «мен оюндамын» деп жазат. Андан ары ага анонимдик аккаунттан тапшырмалар жөнөтүлө баштайт. 50 этаптан турган ал тапшырмалардын арасында «венаңды кесип, сүрөтүн бизге жибер» деген дагы жери бар. Ал эми соңку этап катары жаныңды кый деген буйрук эсептелет. Мындай тапшырмалар эл кызуу уйкуда жатканда, саат 4.20да келет экен. Бул учурда бала уйку-соонун ортосунда болуп, акыл токтотууга да убактысы болбойт дешет адистер. Айрым байкоочулардын айтымында, өлүм ээрчиткен бул оюндун алгачкы тапшырмаларын Бишкектеги бир катар окуучу кыздар аткарып, венасын кескен сүрөтүн интернетке жүктөгөн.
Учурда ата-эне, мугалимдерге коомчулук, бийлик тарабынан көптөгөн эскертүүлөр берилип жатат. Алардын эң негизгилеринин бири, интернетте отурган баланын ар бир аракетине маани берүү. Эгер бала интернет баракчасына киттин сүрөтүн коюп же мен оюндамын деп жазган болсо анда шектенүүгө негиз бар дешет алар.
Биз дагы Караколдогу балдар менен маектешип көрдүк. Балдар «Көк кит» оюнун ойноп көргөнүн билдирди. Алардын айтымында, Инстаграмда бул оюнга кирген караколдук балдар аз эмес. «Биз бул оюнга алгач кызыкчылык үчүн киргенбиз. Кийинки тапшырмалар биздин үшүбүздү алды. Кичине балдар эмес, биз корктук. Биз мугалимдерге ал жөнүндө айтып, алар психологдор менен жолугуштурду», — деди Каракол шаарынын №11-гимназия-мектебинин 11- классынын окуучусу Перизат Акмолдоева. Учурда бул мектепте жогорку класстын окуучулары биригип алып кичүү класстын окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Ал эми жакында «Сентябрь» телеканалы бул оюндун баары элдин көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн уюшулган «эрмек» деп айтып чыкты. Алар элдин оюн кайсы бир саясый окуялардан оолак кылуу жолу деп да жиберишти. Бирок, аны далилдей алышкан жок.
Кандай болгон күндө да, ата-энелер балдарга көп көңүл бөлүшү керектиги негизги чындык. Учурда интернеттен окуучулар эмнени көрүп жатканын ким билсин. Мугалимдер ата-энелер өз балдарына караганда жумушуна жана аш-тойго көбүрөөк көңүл бөлүүдө деген ойлорду ачык айтышат. Алар балдардын эмне ою бар, кайсы маселе аны түйшөлткөнүн билүүгө кызыкпайт деп күнөөлөшөт. А, чынында эле, кийинки жылдардагы окуялар ата-энелер арасында кайдыгерлик, агрессия көбөйүп баратканын айтып олтурат. Ата-эне уруп, сокконду мындай кой, мыкаачылык менен өз балдарын өлтүргөн учурлар да бар. Ал эми, өз кызын зордуктап,айбан жасабаган ишти жасаган аталарчы? Төбө чачты тик тургузган фактылар биз жашаган коомдо болуп жатат.
Ал эми кризистик борборлордун өкүлдөрү биздин коомдо бактысыз балдар көп деп айтып келишет. Себеби, ата-энелер балдарына көп көңүл бөлбөй, алардын оюн укпайт. Алар бир нерсе айтса, кыйкырып, урушуп киришет. Мына ушундай өткөөл убакта балдар ар кандай жеңил ойлуулукка барышат.
Адистердин айтымында, жаш балдардын өзүн өзү өлтүрүүсү материалдык жактан кемсинтүүгө, ата-энесинин жана чөйрөнүн түшүнбөстүгүнө кабылган соң болот. Бүгүнкү күндө билим берүү жайларында балдар психологдору жокко эсе. Ошол себептүү мектеп жамааты ата-энелер менен биргеликте балдар менен иштешүүгө терең көңүл бурушу керек.
Жумагүл Барктабасова