Домой Аналитика Абировго асылганыңар абийир алып келбейт!

Абировго асылганыңар абийир алып келбейт!

399

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировду эки күндөн бери желмогуз, коррупционер кылып көрсөткөнгө аракет кылып жатасыңар. Мыйзамдуу өлкөдө биринчи териштирүү жүрүп анан сот айыпты мойнуна илгенче, күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин эч ким айта албайт. А биз ага чейин эле киши катарынан чыгарып салмайыбыз бар. Айыпты сот гана кое алат. Азыркы сатылма соттор сот тармагын дагы булгап бүтүштү. Учурда башаламан заман болуп турат. Камап алышып, эми тергөөчүлөр ишти сотко өткөрө албай убара. Ага чейин миллиондогон сомдорду кыйнап төктүртүп алышкан. Мыйзамсыз иш козгогон укук коргоо органдарынын өкүлдөрү адам тагдыры менен ойнобосо болот эле. Жаныбек Абиров жаштар арасынан чыгып келе жаткан таза, жаш саясатчы. Шаардык кеңештин төрагалык кызматын аркалап турганда артынан жаман сөз ээрчиткен эмес, эң калыс башкарган төрага болуп берди.Жаңыча көз караштагы депутат болуп иштеп турду. Жалгыз иштеген жок. Беш фракция көзөмөлгө алып атты. Көптөгөн шаар тургундарынын көйгөйүн сессияга алып чыгып чечкенге жетишти. Иш бар жерде кемчилик болгондур. Миллиондон ашык жашоочусу бар Бишкек шаарынын тургундарына жагыш кыйын. Абировдун ордуна кызыккандар аябагандай көп болду. Саясат бар жерде ички интригалар болуп турат эмеспи. Атаандаш партиялар атасын, ага кошуп баласын саясатка аралаштырышып жамандаганга өтүштү. Көралбастык канында бар экс-мэр ар кайсынын башын айтып, элдин көңүлүн бурганга, айлантканга аракет кылып жүрөт .»Бүкүрдү көр гана түздөйт» деген чын тура. Шаардыктардын добушун алыш үчүн каралап, алсыратып абийирин кетиргенге аракет кылып атканыңар элдин баарына билинип эле турат. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дейт. Жаныбектин жарк этчү күндөрү али алдыда…