Домой Аналитика Рысбек Сатылканов: Кыргызстан өзүнөн суу чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө болуп саналат

Рысбек Сатылканов: Кыргызстан өзүнөн суу чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө болуп саналат

13

Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов өлкөнүн жалпы суу запасы 458 миллиард куб экендигин айтты.

Кыргызстан жыл сайын Өзбекстанга 24-25 миллиард куб, Казакстанга алты миллиард куб, Тажикстанга эки миллиард куб суу берет. Ал эми Кытайга бизден жети миллард кубга жакын суу агып чыгып турат. Бул тууралуу Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өзүнөн суу чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө болуп саналат.

«Өлкөдө жалпы суу запасы 458 миллиард куб метрди түзсө, анын 85 пайызы муз түрүндө, башкача айтканда, мөңгүлөрүбүз десек болот. Азыркы учурда республика аймагында дарыя суу агымы 51,52 миллиард куб, көлдөрдөгү суунун запасы Ысык-Көлдү кошпогондо 6,2 миллиард куб, жер астында 10 миллиардга жакын жана мөңгүлөрдө 3990 миллиард куб суу бар. Бул 2010-жылга карата жүргүзүлгөн улуттук изилдөөнүн жыйынтыгы. Ал эми СССРдин 1970-жылы чыгарган мөңгүлөр каталогун карай турган болсок, мөңгүлөрдүн 493 миллиард куб метр болгонун көрөбүз. 2000-жылы 417 миллиард куб болуп азайган. Бул сандар мөңгүлөрдүн кескин түрдө эрип жатышынан кабар берет. Муну дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү менен байланыштырсак болот. Жалпысынан Кыргызстан жер астындагы да, жер үстүндөгү да сууга бай өлкө. Ошондуктан кошуна төрт мамлекетти кылымдардан бери суу менен камсыздап келебиз. Бизден чыккан суунун аркасы менен 1967-1987-жылдар аралыгында Өзбекстандын айдоо аянттары 1,4 миллион гектарга, ал эми Казакстандыкы 1,3 миллион гектарга көбөйгөн. Ошол эле учурда Кыргызстанда болгону 189 миллион гектар гана айдоо жери кошулган«, — деди Сатылканов.

Ал совет доорунда өлкөдөн агып чыккан суу үчүн кошуна мамлекеттер газ, көмүр жана азык-түлүк түрүндө компенсация төлөп келишкендигин, учурда мындай келишимдердин жоктугун кошумчалады.