buy prednisolone tablets from the usa.
23-августта Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча чемпионатта Кыргызстан менен түркия менен беттешип, 13:3 эсебинде жеңип алды. Ушуну менен Улуттук курамабыз үч оюнга катышып үчөөндө тең жеңүүчү табылды.
Эскерте кетсек, 21-августта Монголиянын улакчылары менен беттешип, 4:0 эсебинде каршылаштарды жеңип алган. Күн мурун, 22-августта 11:2 эсеби менен өзбекстандын спортчуларын уткан. Кыргыз улакчылары А группасында биринчи келе жатат.
Көкбөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат. Ага 14 мамлекеттин командалары катышууда. Оюндар 28-августка чейин созулат.
Булак: 5news.kg