Домой Саясат Шайлоого катышуудан эки саясий партия жана төрт киши баш тартты

Шайлоого катышуудан эки саясий партия жана төрт киши баш тартты

43

Борбордук шайлоо комиссиясы №4 Көк-Жар округунан Махабат Мавлянованын, №29 Свердлов округунан Жылдызбек Исакуловдун, №24 Сокулук округунан Акыл Курманалиевдин жана №19 Токтогул округунан Тынчтыкбек Абылдаевдин шайлоого катышуу ниетинен баш тартканы тууралуу арызын канааттандырды.

Ошондой эле «Адилет» жана «Кыргызстан дыйкандар-фермерлер» саясий партияларынын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу өтүнүчү кабыл алынды. Мындай чечим БШКнын 17-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Ушуну менен 18-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан ат салышуу ниетин билдиргендердин саны 377 адам болду.

Алардын ичинен 51и талапкер болуп катталды. Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт.

Шайлоого катышуу ниетин билдирген 70тен ашуун партиянын 23ү талапкерлердин тизмесин аныктады. Партиялар 18-октябрга чейин тийиштүү документтерин БШКга тапшырып бүтүшү керек.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.