«Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси жана башка коомдук бирикмелер Кыргызстандын калкына кайрылуу жасашты. Анда мамлекетибиздин тынчтыгын сактоо зарылдыгы айтылып, Ѳмүрбек Бабановдун акыркы мезгилдеги тескери аракеттери кескин сынга алынган. Тѳмѳндѳ ошол билдирүүнүн текстин жарыялайбыз.
Кымбаттуу мекендештер! Боордоштор!
15-октябрда алдыбызда чоң сыноо турат. Көп улуттуу Кыргыз эли жаңы президентти шайлоо менен катар Кыргызстандын эгемендигин, келечегин да коргомокчу. Бул — ар бир кыргызстандыктын намысын, жарандык позициясын сынай турган күн.
Кийинки күндөрү кырдаал чукулунан курчуп, эл ичинде шайлоо арты тынч бүтсө экен, тополоң болбосо экен деген кабатырлануу ачык байкалууда. Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы абал элдин санаасын ого бетер күчөттү.
Президенттикке талапкерлердин бири Ѳ.Бабанов адегенде чет жердик олигархтар менен жолугушуп, андан кийин казак ажосу Нурсултан Назарбаевге барып жолугуп, анын батасын алып келгенден кийин көпчүлүк Кыргызстандын эгемен мамлекет катары келечегине коркунуч туулганын сезгендей болду. Бул эгемен элдин намысына камчы чапкандай окуя болду!
Ө.Бабановдун 15-октябрь күнү кечинде көчөгө чыккыла деген чакырыктары, Ош шаарынын «Он Адыр» кичи районунда өзбек туугандарыбыздын сезимин козуткан сөздөрү, анын жакын шакирттеринин шайлоо күнү жана андан кийин массалык тополоң чыгаруу боюнча аракеттери ашкереленгени окуя абдан олуттуу жагына ооп баратканын ырастады.
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!
От менен ойнобоңуз! Жалаң калп менен, чет жердик арам акчалардын эсебинен эл башына келем деген тилегиңиз ишке ашпайт.
“Калптын казаны кайнабайт”, “Арам акча аш болбойт” деген элибиздин нускалуу сөздөрүн эсиңизге түйүп алыңыз.
Кыргыз эли азыр сиз ойлогондой эмес. Мен эмне айтсам, баарына ишенет, мен жаркылдап койсом, артыман баары ээрчип алат деп жүрөсүз. Эл деген сиз ойлогондон алда канча акылгөй, көрөгөч, каерде калп, карде чын бар экенин билип турат.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Эгемендиктин алгачкы 20 жылы өлкөбүз олку-солкулуктан башы чыккан жок – эки революция, бир улут аралык кандуу кагылыш мамлекетибизди жардын кырына такады. Аз жерден чачылып жок болуп кете жаздадык. 2010-жылы калпычы, элин башка чапса, малдай кете берет деп ойлогон бийликти кулатууда көптөгөн чырактай балдарыбыздын айрылдык. Жетет!
Биз 7-апрелде курман болгондордун жакындары, ошол күнү жаракат алгандар башаламандыкка каршыбыз!
Айлайын эл-журт, калпка ишенбейли, арам акчага сатылбайлы!
Кыргызстаныбызды олигархтарга жем кылбайлы!
Эгемен Кыргызстаныбыз дайыма бар болсун!
“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси жана башка коомдук бирикмелер!