Домой Саясат 50 млн долларга 200 бала бакча, 100 мектеп, 3200 үй салынмак же...

50 млн долларга 200 бала бакча, 100 мектеп, 3200 үй салынмак же байлыгын чачкан Бабановдун максаты эмне?

59

                       c108be7ffe505bcd404a5bd9bad8cfd3_XL

Президент болом деп аз жерден эки бир тууган элди тирештирип кое жаздаган Ѳмүрбек Бабанов бул шайлоого бери болгондо 50 млн доллар жумшаганы билинип калды. Бул Кыргызстан үчүн чоӊ акча. Бирок Ө.Бабанов катуу жаӊылышты. Ушул каражатын башынан эле элге ачык-айкын жумшап, дүнүйөсүн Россияга ала качып, чет жерге ишкана салбай Кыргызстанга өндүрүш ишканасын ачып, көптөгөн жумушчу орундарын түзүп койсо сөзү да өтүмдүү болмок, эл деле сени шайлабаганда кимди шайлайбыз деп көтөрүп кетмек.

            Дегеле, республиканын эӊ бай адамдарынын бири катары Ө.Бабановдун буга чейин өз чөнтөгүнүн эсибинен кур дегенде эки тал отургузуп койгону элдин эсинде жок. Бул жагынан битин сыгып канын жалап турат. Атүгүл кайсы бир жолку декларациясында (бешинчи чакырылыштагы парламентке депутат болуп келгенде) жашаганга үйү жок экенин көрсөтүп оозубузду ачырган. Ошондо журналисттер Ө.Бабановдо үй жок болсо Ысык-Көлдө балык жок деп жазып чыгышкан жайы бар. Ошол учурда ал Пенза облусуна килейген цемент завод салып жаткан чагы болчу.

john samonas and sons.

            Анан калса Ө.Бабановдун акча булактары дайыма шек туудуруп келет. Оффшордон келген акчасын деле  (20 млн доллар) апамдан карызга алдым дегенин угуп жандан түӊүлгөнбүз.

            Бирок көздөгөн саясий максатына жетүү үчүн Ө.Бабанов акча тапканды аябай жакшы билет. Анын казак олигархтары менен казак-аяк кагыштырып тураары баарыга белгилүү. Алар жөн эле кагыштыра бербейт. Казак-аяктын ичинде бирдеме салынуу болуш керек (кен байлыктар, ар түрдүү обьектилер ж.б.). Жогорку 50 млн долларды деле ошолордон алуусу мүмкүн. Өз жанынан тыйын чыгарып көрбөгөн  неме суунукун сууга куюп, аларга мамлекеттин кызарган жеринен бирдеме үзүп бере салып, басып кеткен атпайбы.

            Кандай болгон күндө да 50 млн долларга эмне иш бүтмөк ошого көз салып көрсөк. Сары эсепке салсак, мынча каражатка аз камсыз болгондор үчүн 3200 турак үй, 200 бала бакча, 100 мектеп салынмак экен.

Ѳмүрбек Токтогуловичке мындайды айтсаӊ жаман көрөт. Ызаланып кызаӊдап, өзүнүн НТС каналы аркылуу элге ыйлактап даттана баштайт. Бирок ыйлактабай сөздү укпайбы десеӊ. Бир эле мисал келтирсек ал “Кыргыз-Россия” фондунан 17 млн доллар алып “Азия Мол” соода үйүн салды. Ошол имаратты салам деп атып майып болуп калган жаранга Ө.Бабанов бир сом деле берген жок. Атасы көрүнгөн эшикти түрткүлөп даттанып жүрөт.

            Көрүнүп тургандай бирөөгө бир сом берсе, аны 5 сом кылып бересиӊ дегенге көнгөн Ө.Бабанов азыр бир нерсени жакшы ойлонуп турган кези. Ал президенттик шайлоо. Кокус өтүп кетсем 50 млн долларды кантип жүз эсе ашыгы менен кайтарып алсам деп ошону кыялданууда.

            Кыргыз эле кыраакы эл. Анын шайлоодогу акча саясатынын арты кандай болорун жакшы билишет. Ошондуктан келип калган шайлоодо Сооробай Жээнбековдун талапкерлигин колдой тургандыктарын ачык билдирүүшүүдө. Муну байкаган Ө.Бабанов акчасын оӊду-солду чачуудан жашырынбай деле калды. Ошто элди сатып алууга багытталган акчалары кармалса, Сузакта ун таратканы белгилүү болуп отурат.

            Эки-үч күндөн кийин  шайлоо. Элибиз Ө.Бабановдун өз баасын берип, өз ордуна коеруна шек жок.