Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жарандардан жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарында бажы кызматы ишмердигин жүргүзүүсү боюнча кайрылуулар келип жатат.
Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2015-жылдын 12-августунда күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу жөнүндө Келишимге ылайык, мүчө мамлекеттердин аймактарынын ортосунда товарлар бажылык контролсуз, эркин өтүүсү тууралуу эскертет.
Ошону менен бирге, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкеси аркылуу ташылып өтүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы көзөмөлүн алып салуу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында бажы көзөмөлү — Мамлекеттик чек аранын казак тилкесинде жокко чыгарылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-августундагы № 385-р буйругу менен Мамлекеттик бажы кызматына бажы көзөмөлүн жүргүзүүнү токтотуу тапшырмасы берилген:
— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында;
— Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы аба каттамдары үчүн аэропорттордо.
Башкача айтканда, учурда Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер болуп саналбаган үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына жана транспорттук каражаттарына карата бажы көзөмөлүн жүргүзөт.