Домой Саясат Белгилүү художник Асан Турсункулов Ѳмүрбек Бабановго собол салды. Жооп береби?

Белгилүү художник Асан Турсункулов Ѳмүрбек Бабановго собол салды. Жооп береби?

189

1024851444

 

— Хан болуучуга суроо. Урматтуу Бабанов Өмүрбек Токтогулович! zestorectic without scrip.

Сиздин элге жөнөтүп жаткан жарыяӊызда: («Санжыра» радиосу) «Элге берген убадаларды аткардык. Депутаттардын ашыкча колдонгондорун алып салып, 100 миллион сом үнөмдөдүк», — деген сөзүңүз кетип жатканын уктум. Бирок мен билгенден парламентте бардык сиз алып салдым дегенди кайтарып алышканын сиз биле элексизби же алдай берсе болобу?

Сизди колдойун деп эле ойлоймун. Бирок, парламенттеги Башкы прокурор Кубат Байболовдун сөзү, анан Пензада 370 миллион долларга курулган цемент заводу ойлондурат да турат.

Мен ишенээрлик кылып жооп берип койсоңуз болоор бекен? Кыргыз Эли деп чыркырап күйүп жүргөнүмдү айтпаганда дагы жаш жагынан Сизден улууураак катары өзүңүз жооп берсеңиз. Жардамчыларыныздын жообу жарабайт. Себеби, мындан мурдараак өзүңүз «Фейсбукка» алма багыңызды сүймөнчүктөп жазганыңызды окуган элем.

Убададаларынызды угуп жатамын. Бирок, бизнес менен бийликти кошо алып жүргөн, кыргыз элин сүйгөн патриоту катары мамлекетке, 25 жыл ичинде канча салык төлөдүнүз? (так эсеби менен)

Элдин жашоо турмушун оңдоо максатында, экономиканы өнүктүрүү үчүн канча ишкана ачтыныз? (саны)

Россиядан алынган акчадан 17 миллион доллар алган болсоңуз, элге канча пайыз менен насыя бересиз?

Эл алдында, тарых алдында акыйкат бололу. Ат-Башыдагы жигитке ачуулангандай ачууланбаңыз, жооп берип койсонуз.

Мен азыр кимдир бирөөгө так токтолгон жокмун. Бардык талапкерлер убадалар менен бара жатышат. Элге жасаган ишиңерди айткылачы?

Эл турат. Акыйкат бололу.