Акыркы убактарда таӊ калычтуу окуялар абдан көбөйдү. Кыргыздын патриоттору көбөйүп, нарктуулукту, каада-салтты, үрп-адаттарыбызды сактоого далалат кылгандар көбөйгөнү кубантып жатканы менен «кумалактар» болгон иш аракеттерди четинен курутуп жатканы өкүндүрөт. Кыргыздын чыныгы душманы кыргызбы деген да ойго келесиӊ. Азыр кылган нерселерин интернетке жүктөгөн мода болбодубу. Жакында эле сүзмөнү буту менен тебелеп жаткан кишинин сүрөтү интернетти жарды. Атыӊ чыкпаса жер өрттө дегениби, түшүнбөй калдык. Эми курутту сүйгөндөр кантээр экен? Баса, чет элдик коноктор келгенде дасторконго курут коюп, улуттук тамак деп мактана албай калбадыкпы.
Т.С.