14-апрелден баштап ордо калаадагы 2 троллейбустун каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу троллейбус башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаршембиден тартып 7-троллейбус Тунгуч кичирайонунан – Эт комбинатына чейин, 8-троллейбус Чыгыш автовокзалынан — Дыйканчылык институтуна дейре каттамдарды аткарат.
Багыттардын убактылуу өзгөрүшү жол катмарын оңдоо иштерине байланыштуу.









