Бишкек шаарында акыркы үч айдын ичинде курч кармаган ичеги-карын оорулары менен 555 адам ооруп, ооруканага түшкөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу оору 48%га өскөнүн билдирет. Ооругандардын арасында 14 жашка чейинкилер 88% болсо, алардын ичинен 2 жашка чейинки наристелер көпчүлүктү түзөт. Медициналык жардамга кайрылгандардын көбү элементардуу гигиена эрежелерин сакташпайт.