Домой Саясат Жактоочу: Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок

Жактоочу: Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок

39

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок, деп билдирди жактоочусу Данияр Эркимбаев АКИpress агенттигине бүгүн, 22-февралда.

Буга чейин Абылгазиев ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматтар тараган.

«Бул чындыкка дал келбейт. 19-февралда жолукканда ачкачылык тууралуу сөз да болгон эмес», – деди жактоочу.

Биринчи май райондук сотунда 28-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгында Абылгазиев 26-мартка чейин камакка алынган.

Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелүүдө.