Домой Саясат Абылгазиевдин ордун орун басары басты

Абылгазиевдин ордун орун басары басты

83

Мухаммедкалый Абылгазиев

Социалдык фондду бир нече жыл башкарып, кемчиликтерге азыраак жол берип, көбүрөөк ийгиликке жетишип жаткан Мухаммедкалый Абылгазиевге президенттин көзү түз экен. Аны өзүнүн эң жакын досу жаңы премьер Сооронбай Жээнбековго биринчи орун басар, тагыраагы биринчи вице-премьер кылып олтургузганы жалпыга маалым. Ал эми Абылгазиевдин ордуна анын орун басары Нурдин Ибраев дайындалды. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Чынгыз Айдарбеков Кыргызстандын Жапониядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. 39 жаштагы Чынгыз мырза Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмүн жетектеп келген.