Домой Аналитика Акнеттеги кыңыр иштерге Алмамбет Салиев илинбей, суудан кургак чыгып кеткенин кандайча түшүнөбүз?

Акнеттеги кыңыр иштерге Алмамбет Салиев илинбей, суудан кургак чыгып кеткенин кандайча түшүнөбүз?

157

«Ала ТВ», Акнеттеги коррупциялык иштерге айыпталып, Артур Халдаровдун камалганы, кийин радио жыштык боюнча сурак берип, тергөө менен иштешүү таризинде эркиндикке чыгып кетет. Дал ушул кыңыр иштерге президенттик аппараттын экс-орун басары Алмамбет Салиев илинбей, Сокенин суранычы менен суудан кургак чыгып кеткенин кандайча түшүнөбүз? Коррупциялык кылмыштары менен түрмөдө отурган Мухамметкалый Абылгазиев мурдагы бийликтин лөктөрүнө көрсөтмө берсе да жабылуу аяк ачылбай калуудабы? Жогорку жоболондорго байланыштуу… Айтмакчы, УКМКнын төрага орун басары Абсатаров менен Халдаров убагында камакта бирге жатышып, кийинки тергөө иштерине биргеликте маалымат чогултушуп, анализ жасашканбы? Албетте, собол салдык. Жообу болсо «Азия Ньюс» гезитине кат жөнөткүлө. Бүйүр кызыткан жагдайлардын ачылышы коомчулук үчүн маанилүү.

Булак: Азия News гезити