Домой Пайдалуу кеңеш Ашкана сырлары: пияз, май, айнек ж.б

Ашкана сырлары: пияз, май, айнек ж.б

204

Пияз кооз жана кыпкызыл болуп куурулсун десеңиз, майда кесилген пиязды кызыган майга салыштын алдында унга булап алуу керек. Бул пиязды күйүп кетүүдөн да сактайт.

Өсүмдүк майы куюлган желим идиштер майланышпай турсун десеңиз, кадимки поролондон моюнча жасап, идиштин моюн жагына кийгизип коюш керек.

Айнек идиштин капкагын тери колкап менен ачса оңой ачылат.

Бөтөлкөдөгү тыгынды алып чыгуу үчүн ага бир аз өсүмдүк майынан куюп жана бөтөлкөнүн моюн жагын отко тосуп жылытып алуу керек.

Ашкөк менен петрушканы микротолкундуу меште 4 мүнөткө кургатып алып андан соң бекем жабылган айнек банкага салып койсо узакка чейин жаңы бойдон сакталат.

Эгерде колуңуз сарымсак жыттанып жатса кофенин күкүмү менен сүргүлөсө жыт жоголот.

Асты күйүп кеткен эмаль идишке бир аз ашкана содасы кошулган суу куюп, бир нече саатка коюп койсо, жеңил жуулат.

Винону бокалдарга куярдын алдында аны графин идишке куюп алса, кычкылтек менен байып жакшы даамына келет.

Аида Мусаева