Домой Дүйнөдө G7 өлкөлөрү Орусияны айыпташты

G7 өлкөлөрү Орусияны айыпташты

8

G7 өлкөлөрү (Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Япония жана АКШ) “Орусиянын Украинанын эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана көз карандысыздыгына зыян келтирген аракеттерин” айыпташкандыгын жана Крымдын аннексияланышын тааныбай тургандыктарын билдиришти.

Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Япония жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин жана Европа Биримдигинин (ЕБ) Жогорку өкүлүнүн биргелешкен билдирүүсүндө “Украинанын көз карандысыздыгына, эгемендигине жана эл аралык деңгээлде таанылган аймактык бүтүндүгүнө болгон чексиз колдоо” дагы бир жолу тастыкталды.

Орусиянын Крымды жана Севастополду мыйзамсыз аннексиялап алышынын 7 жылдыгында жасалган билдирүүдө: «Орусиянын (аннексиялоону) легалдаштыруу аракеттери таанылган эмес жана таанылбайт» деген сөздөр камтылды.