Домой Дүйнөдө Россияга каршы АКШ акча аябайт, балээ башталганы турубу, ыя?!

Россияга каршы АКШ акча аябайт, балээ башталганы турубу, ыя?!

133

Путин vs Обама

Мындай кепти Америка айттырып жатат. Анткени, 2017-жылда алардын бюджетинен 953 миллион долларды “россиялыктардын агрессиясына туш болгон, биринчи иретте, Украинага, ага жакын региондогу мамлекеттерге агрессияга каршы күрөшүү үчүн” бөлгөнү жатыптыр. Биз америкалыктарга окшоп “Россия Украинага агрессия жасап жатат” деп так кесе айта албайбыз. Бирок, ал жалган деп да так кесе айтууга болбойт. Ага эки себеп бар. Биринчиси- орустардын жардамы менен Донецк жана Луганск облустары сепаратисттик сезимге алдырып, көз карандысыз мамлекет болобуз деп бөлүнүп, килейген мамлекетке моюн бербей, атса атышып, айтышса айтышып жатат. Эгерде орус тараптан жардам болбосо, бул эки облусту Укаина мамлекети небак эле тынчытмак. Экинчиден- Россия каратып туруп эле Украинага тиешелүү Крым жарым аралын басып алып, өз бийлигин орнотту. “Ал жер илгертен эле биздин жер болчу, аны кийин Хрущев украиндерге берип койгон” деген орустар тарыхты терең жана туура казбай, кечээки эле жасалма тарыхын көтөрө чаап жатканы.

Эки жыл мурун орустардын жардамы менен Грузиянын катарындагы Түштүк Осетия да “эркиндик” алып Грузиянын катарынан чыгып кетишти. Грузин аскерлери осетиндерди окутуп коебуз деп аскер киргизди эле, орус аскери грузиндердин ташын-талкан кылып кууп чыкты.

Жогорудагыдай мисалдар жетердик бар. Америка да бирдеме билгени үчүн акча бөлүп жатат чыгар…