Домой Коом Электр энергиясына киргизилген чектөө: Министрликтин түшүндүрмөсү…

Электр энергиясына киргизилген чектөө: Министрликтин түшүндүрмөсү…

44
Электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизилди. Бул боюнча Энергетика министрлигинен түшүндүрмө беришти.
Маалыматка ылайык, учурда министрлик тарабынан керектөөчүлөргө электр энергиясын колдонуу үчүн берилген техникалык шарт менен электр эсептегичтерге инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
«Анын негизинде көпчүлүк ишканалар электр энергиясын өндүрүш үчүн колдонууга деп документ алып, иш жүзүндө жылытуу үчүн колдонуп жатканы белгилүү болду. Бул факты боюнча акт түзүлүп, пломбалар басылууда«, — дешти министрликтен.
Ошондой эле жөнөкөй абоненттер электр энергиясын колдонуу эрежесине ылайык эки же андан ашык тиричилик техникасын бир эле учурда иштетүүгө уруксат берилбейт.
«Трансформаторлор алдын ала эсептелген кубаттуулукка жараша иштейт. Алар ашыкча жүктөм менен иштесе, электр жабдуулары иштен чыгуу коркунучу бар.
Айрым абоненттер электр энергиясын пайдалануу эрежесин сактабай, бир эле убакта бир нече тиричилик техникасын колдонуп жаткандыктан электр эсептегичтерге лимит коюлууда.

Эгер аталган эрежени аткарсаңыз эле лимитти сактаган болосуз. Ошондуктан тиричилик техникаларын баарын бир учурда эмес, кезек-кезеги менен иштетиңиз«, — деп айтылат министрликтин маалыматында.