Домой Аналитика Жылдыз Жолдошева электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү боюнча пикирин билдирди

Жылдыз Жолдошева электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү боюнча пикирин билдирди

22

Жогорку Кеңешти мурдагы Жылдыз Жолдошева электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Эгерде, азыркы бийлик электро энергиясы боюнча Ширшовтун схемасын, ошондой эле “ортомчу” энергияны алып сатаар фирмаларды жокко чыгарганда… Энергетика жаатындагы коррупцияга бөгөт койгондо, 700 квт чектөөнү алып салуу менен тарифтин баасына 10 тыйын кошуп, болгону 87 тыйынга электро энергияны элибизге  сатканда бийлик өз жарандарына кам көрдү десек, акыйкат болмок. Экономикалык оор мезгилде, кымбатчылык “тумандай” каптап турганда өлкөбүздү, мындай кадам туурабы? Энергетиктер, дагы бир мониторинг, анализ жүргүзсөңөр туура болмок. Эл баарын көтөрө берет десеңер…жаңылышасыңар“,- деп билдирүү калтырган Жолдошева.