Домой Саясат «Элдик лотерея, эшек бизнеси» менен белгилүү Юруслан Тойчубековго козголгон кылмыш иши кыскарды

«Элдик лотерея, эшек бизнеси» менен белгилүү Юруслан Тойчубековго козголгон кылмыш иши кыскарды

102

Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековго козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Юруслан Тойчубеков 2015-жылы Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси кызматында иштеген учурда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. сом салык түшпөй калган деп айыпталган. ИИМ ага өлкө ичинде андан кийин эл аралык издөө жарыялаган.

“Элдик лотерея” соода маркасы менен иштеген «Райдер Ассошиэйтс Лимитед» ишканасы мамлекетке 31 млн. сомду кайтарып берген.

Тойчубеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Буга чейин Юруслан Тойчубеков менен уулу Тимур Тойчубековдун ысымы эшек бизнесине байланыштуу чатакта маалымат каражаттарында аталган.

azattyk.org