Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын билдиргенине караганда Москвадагы банктардын биринен алдамчылык жол менен ири өлчөмдө акча алып качып жүргөн Тимур Тойчубеков Интерполдун өтүнүчү менен Бишкектен кармалды. Анын атасы Юруслан Тойчубеков өкмөттүн Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигин башкарып турганда мыйзамсыз далай иштерди жасап жибергени үчүн кылмыш иши козголгондон кийин куйрук түйгөн. Азыр издөөдө. Баса, анын уулу Тимур “эшек бизнесине” байланыштуу да жөнсүз иштерди жасаган.