Домой Коом Эки сааттык аксакалдар, элге уят болушту

Эки сааттык аксакалдар, элге уят болушту

358

23-августта 5-6 аксакал Ак-үй алдында чыгып алышып: “Саманканадан саман өрттөндү десе, Самарканд өрттөнүптүр” деген сындуу акылга сыйбаган маселе айтышты. Алардын талабы мындан эки ай мурун Кыргызстандын муфтийи болуп шайланган Замир кары Ракиевди кызматтан кетирүү экен. Баракелде, небере -чөбөрө жытын искеп, үйүндө төрдүн көркү болуп олтурчу чагында бул аксакалардарга эмне мынча күч келди. Же буларды башка бир таасирдүүлөр Ак -үйдүн алдына алып чыгышып, “дүжүр чал” кылып жатышабы? Бул адамдар чу дегенде муфтий Ракиевди “гүленчи” деп айыпташты. Болгону ушул. Башка мыйзам бузууну айта алышпады. Анан калса, алардын сүйлөгөндөрү, кыймыл аракеттери да шек жаратпай койгон жок. Видеодо көрүнүп тургандай аксакалдар колундагы жазуусу бар плакаттарды бүктөп, айрымдары олтуруп алышкан. Анан журналистке өз талабын бакылдап айтып жаткан ана башчысы аларды карап: “плакатыңарды не бүктөп алдыңар, тургула ай, олтурганы келген жоксуңар, эки саат турушуңар керек” деп көрсөтмө берди. Буга караганда алар кимдир -бирөөлөрдөн эки сааттык тапшырма алып келишкенби деген ой жаралат… Эки саат Ак-үй алдына чыгып, элдин наазарын өздөрүнө бурабыз деген аксакалдары элге өздөрү элге уят болушканын сезишти болду бекен. Же алар андай иштерге көнүп бүтүшкөнбү? Бул аксакалдар Ак -үйдүн алдында Султан Гапуров деген адамды оозунан түшүрүшкөн жок. Гапуров деген ким? Ошол адам бул аксакалдарга демөөрчү болдубу? Андай болбосо, өзүнүн ачык пикирин айтып чыгышы керек.
Баса, алар муфтий тараптан мыйзам бузуу жок болсо кайсыны айтышат эле. Себеби, муфтийдин толук кандуу ишке киришип, Кыргызстандын муфтиятынын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган иш-аракеттерди жасап баштаганына болгону эки айдын гана жүзү болду. Карыганда үйүндө тынч олтура алышпай, минтип күн ысыкта көчөлөп жүрүшкөн аксакалдардын “баштарына ысык өтүп кеткенби”? Же булар эки айды, эки жыл деп алмаштырып алышканбы? Балким, мурунку муфтийлерге да ушинтип каршы болуп чыгып жүрүшүп, ушундай ишке жедеп көнүп бүтүшкөнбү? Салттуу динди маңызын жакшы түшүнүшөбү. Бул аксакалдар деги адамдык парастаттан алыс эмеспи. Дегенибиз, кечээ күнү муфтий, бир тууган агасы каза болуп Нарында жүрсө, булар ага карабастан мындай жорукка барып жатышканы элдин кыжырын келтирди. Интернет айдыңыда бул аксакалдардын бул жоруктарына түкүрүп, катуу сындап жатышканын окууга болот.