Домой Аналитика Дүйнө окумуштуулары уу коргошун менен коронавирусту дарылоо мүмкүн эмес экенин айтышты

Дүйнө окумуштуулары уу коргошун менен коронавирусту дарылоо мүмкүн эмес экенин айтышты

85
Close up of Covid-19 vaccine - vials and syringe. Glass bottles on a reflective surface

Британиядагы Бат университети дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын башын бириктирип, уу коргошунду коронавируска каршы колдонуудагы кесепеттери тууралуу онлайн талкуу уюштурду деп жазды “Азаттык”.

27-апрелдеги талкууга Лондон коллежи университетинин профессору Кристина Пагель, британиялык профессор, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун илимий кеңешинин мүчөсү Энтони Костелло, Бат университетинин кыргызстандык окумуштуусу Асел Сартбаева баштаган бир нече онколог, коомдук саламаттык тармагындагы илимпоздор катышты.

Окумуштуулар аконит миңдеген жылдар бою өтө коркунучтуу уу катары колдонулуп келе жатканын белгилешип, аны онкология же коронавирусту дарылоодо колдонууга мүмкүн эмес экенин айтышты.

Профессор Энтони Костелло COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө таасири далилденген үч эле негизги курал бар деп баса белгиледи.

“Вирус менен күрөштө бет кап, аралыкты сактоо жана вакцинадан башка таасирдүү эч нерсе жок. Аконитти илгертен адамзат уу катары колдонуп келген. Аны менен байыркы заманда белгилүү философ Сократты, атактуу кол башчы Александр Македонскийди ууландырып өлтүрүшкөнү айтылып жүрөт. Байыркы адамдар найза, жаанын жебесинин учун уулап, аң уулоодо жаныбарларды өлтүрүүгө колдонгон”, – деди Костелло.

Бат университетинин биохимия боюнча профессору Жан ван ден Эльсен “аконитти сууга салып кайнатууда анын курамындагы белоктор өзгөргөнү менен уунун таасири ошол эле бойдон каларын эскертип, медицинада колдонууга болбой турганын” айтты.