АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен башкы штабынын төрагасы Марк Милли АКШ Ооганстандагы согушта жеңилгенин моюнга алгандыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Марк Милли Ооганстандагы согуш АКШ үчүн стратегиялык ийгиликсиз болгондугун жана бир катар начар стратегиялык чечимдер бул жыйынтыкка алып келгенин билдирген.
«Баарыбызга белгилүү болгондой, Ооганстандагы согуш биз каалагандай аяктаган жок. Кабулда талибдер бийликте», — дейт Марк Милли.
Ошондой эле ал АКШ согуштан акыркы 20 ай же 20 күндө эмес, алда канча эрте жеңилгендигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, 15-август күнү «Талибан» кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып алып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Кийинчерээк согушкерлер убактылуу өкмөттүн курамын түзгөнүн жарыялашып, анда премьер-министрлик кызматты кыймылдын башчысы Мохаммад Хасан Ахунд алган.
super.kg