Кыргызстанда коронавирус жуккан медициналык кызматкердин 608ине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу 8-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Анын сөзүнө караганда, андан тышкары COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 30нун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү.
«Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон эки медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда», — деди Акматова.
8-декабрга карата дагы алты медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаары менен Чүй облусунда экиден жана Жалал-Абад менен Ош облусунда бирден дарыгер.
Бир суткада стационардан төрт, үй карантининен 12 медкызматкер айыгып чыгарылды. Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 986 учур катталды, алардын ичинен 3695 медкызматкер сакайды.