Бишкек шаардык сотунда Ирина Скрипкина аттуу судья иштейт. Ал Алмазбек Атамбаевдин доорунда Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган энеси Галина Скрипкинанын «өзгөчө» жасаган аракетинин натыйжасында шаардык сотко судья болуп калганын адвокат Акин Токталиев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.
«Галинанын кызын Бишкек шаардык судьясына тандоо комиссиясы өткөрбөй койгондо, сот тандоо комиссияны таркатып жиберип, андан кийин кайта сотко өткөргөн. Эми кызы иштеп жатат», — деп жазат Токталиев.
Демек, Ирина айым бул кызматка келгенде эле өкүмзордук менен келген десек болобу? Себеби, ал убакта анын энеси Галина Скрипкина Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган. Жөн гана депутат эмес, ал кездеги ажо Алмазбек Атамбаевдин өтө жакын адамдарынын бири болгон. Галина айым кызы Иринаны шаардык соттун судьясы кылыш үчүн сот тандоо кеңешин толугу менен таркатып жибергенге күчү жеткени эле анын ошол убактагы бийликтеги таасирин билдирип турат.
Экинчиден, Ирина айымдын шаардык сотто иштеген кыска убакыт аралыгындагы (эки жылча убакыт) ишмердүүлүгүнө «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы, белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупова терс баасын берген. Ал 2018-жылдын апрель айында ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, сотторду кайра тандоодо ММКларга карата иштерди кароодо одоно бузууларга жол берген сотторду өткөрүүгө жол бербөө өтүнүчүн билдирген. Ал кайрылуусунда одоно бузууларга жол берген судьялардын тизмесин да көрсөткөн. Ал тизмеде Скрипкина Ирина Ивановна да бар болчу. Бул соттор кандай одоно бузууларды жасашканын да Чолпон Жакупова деталдуу түшүндүргөн. Кыскача айтканда, тизмедеги судьялар ал кездеги бийликтин заказын аткарып, бир катар басылмаларга, журналисттерге кадимкидей басым жасаган чечимдерди кабыл алышкан. Миллиондук доо айыптар салынган. Тилекке каршы, Чолпон Жакупова айымдын бул кайрылуусундагы тизмектелген соттордун көпчүлүгү дагы деле иштеп жатышат. Алардын арасында Ирина Скрипкина да бар. Демек, бийликтин көрсөтмөсүн так аткарып, сөз эркиндигине кысым, басым жасаган чечимдердин кабыл алынышына чоң салым кошкон соттордун «ити дагы деле чөп жеп» жатат десек болобу?
Ал эми аны бул кызмат алып келүү үчүн сот тандоо кеңешин таркатып жибергенге чейин барган Галина Скрипкина азыр Евразиялык экономикалык союздун Кыргызстандын атынан судьясы болуп отурат.
Чолпон Жакупованын ошол кездеги кайрылуусу дагы деле актуалдуу. Буга жаңы бийлик чара көрөбү? Өлкөдө акыйкаттык жана адилеттүүлүк болушу үчүн биринчи кезекте сот системасынын тазаланышы маанилүү. Эгерде бир адамдын судья болушу үчүн бир нече адамдан турган тандоо кеңешин таркатып жиберген жоруктарга көз жуумп, андай көрүнүштөрдүн дагы деле улана беришине жол бере берсек, анда адилеттүү сот системасы курулушу мүмкүнбү?