Буга чейин Кыргызстандын соту аркылуу өмүр бою эркинен ажыратылган сепаратист Кадыржан Батыров БУУнун адам укуктары комитетине арыз менен кайрылып, “Мени Кыргызстандын соттору ак жеримен эле күнөөлүү деп таап, соттоп жиберишти, мага коюлган айыптар туура эмес, аларды четке кагып берүүңүздөрдү өтүнөм” деген маанайда даттанган болчу.
Варшавада өткөн ОБСЕнин жыйынында да катышып, Кыргызстанды колунан келишинче шыбаган. Ошол убакта анын жанында кыргызстандык бейөкмөтчү Төлөйкан Исмаилова башы шылкылдап калгандай, улам-улам ийкегилеп турганын көргөнбүз. Ошондо жалпы кыргызстандыктар: “Сепаратисттин жанында анын ар бир сөзүн коштоп отурган Т. Исмаиловага наалат” дешкен болчу. ordering serophene online.
Ошентип БУУ адам укуктары комитети К. Батыровдун жазган арызы боюнча узак убакыт иликтөө жасашып, жыйынтыгында 16-августта 120-сессиясына чогулушуп, аталган арызды карашып, анан андагы жазылган дооматтар туура эмес экендигин тастыкташты. Тактап айтсак, комитет мүчөлөрү К. Батыровдун дооматтары чындыкка коошпой тургандыгын билдиришип, “Кыргыз Республикасы К. Батыровдун укугун тебелеген эмес” деген чечим чыгарышты.
Демек, алар дагы К. Батыровдун эл бузар экендигин, тынч, ынтымакта жашап жаткан эки элдин ортосуна от жакканына көздөрү жетти. Мына ушул бузукунун айынан канчалаган балдар жетим калды, канчалаган келиндер жесир калды, балдарынан ажырап, сыздаган ата-энелер калды. Канчалаган үйлөр, социалдык обьектилер өрттөлдү. Аз жерден мамлекеттүүлүгүбүзгө да коркунуч туулду.
К. Батыров өзүнүн бузукулук ишин жасап жүргөндө анын жанында азыркы тапта абакта отурган Ө. Текебаевдин иниси, маркум Асылбек Текебаев жана бийликти күч менен басып алууну пландаган Бектур Асановдор жүргөн. Алар Жалал-Абадда К. Бакиевдин үйү өрттөлгөндө, Кыргызстандын желегинин да өрттөлүшүнө жол беришкен. Эми эл аралык деңгээлде абройлуу БУУ К. Батыровду күнөөлүү деп таап аткандан кийин, Ө. Текебаев менен Б. Асановдун да бул коогалаңда кандай салымы бар экендигин бир текшерип көрүү керек сыңары.