Домой Саясат Шайды оодарган шайлоо… (видео)

Шайды оодарган шайлоо… (видео)

111

Ушул жумада Сузак районунун «Таш-Булак» айыл өкмөтүнүн башчылыгына ат салышкан Нурбек Самидиновдун жеңгенине карабай, Тайкожо Гиязовдун таламын талашкан топ пайда болгонун Санрабия Кубанычбекова аттуу жаран фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин 16 депутаты видео кайрылуусун кошо жүктөдү.Санрабия мындай деп жазат:
Сузак АШКсы оозун ачпай, тыңданса болмок! Ким кыйкырса эле чоочуган баладай алдына жетип барып, бюллетенди ачып бере бербей деп жазат.Экинчи талапкер Тайхожо Гиязов 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча суралып жүргөн.Кылмыш иши жабылганы же ачык турганы боюнча толук маалымат жок. Интернеттен алынган сүрөттө Кадыржан Батыровдун жанында сөз сүйлөп атканын көрсөк болот. Кылмыш козголгон киши айыл өкмөт башчылыка коюп атканы, кимдер сүрөгөнү боюнча социалдык түйүндөрдө чоң талкуу болуп атат.Мыйзам эмес тааныш билиштин заманы болду.Бийлик өкүлдөрү ушундай ызуучуларга көз салып калыс карап койсо.