Домой Маданият Булгаарыдан шедеврлерди жасаган Мээрим Мамбетиманова

Булгаарыдан шедеврлерди жасаган Мээрим Мамбетиманова

272

IMG_9922

Эл ичинде ар кыл өнөрдүн адамдары жашап келген, жашай берет. Биз сөз кыла турган уз айым Мээрим Мамбетиманова булгаарыдан сумкаларды тигет. Мээрим эженин сумкалары чет өлкөлөргө чейин тарап, кыргыз колорити менен тигилген сумкаларды чет өлкөлүк айымдар көп көтөрүшөт. Мээрим эженин айтымында сумканын баасы өтө кымбат эмес болгондуктан, азыр биздин кыздардын арасында да булгаары сумкасына суроо-талап жогору.  

IMG-20170628-WA0009 - копия IMG-20170628-WA0012 - копия IMG-20170628-WA0013 - копия IMG-20170628-WA0014 - копия IMG-20170628-WA0015 - копия IMG-20170628-WA0016 - копия IMG-20170629-WA0000 - копия IMG-20170629-WA0001 - копия IMG-20170629-WA0002 - копия IMG-20170629-WA0003 - копия

  • Мээрим эже сизде булгаарыдан сумка тигүү идеясы кандайча пайда болгон?
  • Биздин үй-бүлө чыгармачыл үй-бүлө. Атам жактан сүрөтчүлөр бар. Агам да сүрөтчү, Москвада В.И.Суриков атындагы сүрөтчүлөр институтун аяктаган. Андан сырткары өзүмдүн апам уз киши, шырдак жасайт. Өзүм болсо кичинекей кезимен эле сүрөттү жакшы тартам. Талантымды билген байкем С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайына тапшыртып койгон. Ал жакта 4 жыл окуп, булгаарыны көркөмдөп жасоо боюнча устат болдум. Окуп жүргөндө эле майда-чүйдө браслет, камчы жана көптөгөн сувенирлерди жасап ЦУМга алып барып өткөрчүбүз. Жыл сайын көргөзмөлөргө колубуздан жасалган буюмдарды алып барчубуз. Картиналарды, шахмат, кур, сумка жасачубуз. Дипломдук ишимде кыздардын аксессуарларын сумка, моюнга таккан шуру, браслет, сойко кылып жасап, жактаган элем. Кийин айымдарга таандык баштыкчаларды, айымдардын көйнөгүнө жарашыктуу кылып сумкаларды чыгарып баштадым. Бара-бара элге жага баштады. Ар кайсы жарманкелерге алып барып жүрдүм. Азыр болсо суроо-талап абдан көп. Андан кийин И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университетке тапшырып, дизайнер болуп чыктым.
    — Булгаары жөнөкөй кездеме эмес да, дыкаат мамилени талап кылса керек. Булгаарыны өзүӊүз иштетесизби же сатып аласызбы?
  • — Көп жылдан бери Булгаары деген завод менен иштешем. Дагы бир булгаары заводунан жумшак булгаарыларды алабыз. Темирге мөөр жасап алганбыз, ысытып туруп ар бир сумкага басып чыгабыз.
  • Шакирттерди тарбиялай алдыӊызбы?
  • Ооба, мен ишкана ачканы Чуйковдон бүткөн көп балдар келип иштеп кетишти. Азыр алар өз бизнестерин ачышты. Ак эмгеги менен нан таап жеп жатышканы мени кубандырат.
  • Сиздин эмгектериӊизди кайдан сатып алса болот?
  • Башында жарманкелерде эле сатып жүрдүм. Айрыкча чет жактарда саттым. Ош базарга дүӊүнөн сатып жүрдүм. Ал жактан Россия, Казакстан, Германияга ж.б. өлкөлөргө кетет. Андан сырткары ЦУМдун 5-кабатынан атайын дүкөн ачтым. Каалоочуларга эшигим ачык. Кыргызстанда булгаарыдан сумканы колго биринчилерден болуп жасадым десем болот. Азыр болсо сумка жасап саткандар көп. Бирок, мен ар бир эмгегиме Кыргызпатенттен автордук укук алып турам.
  • Күнүнө канча сумка жасайсыз?
  • Негизи менин ишим колду кармайт. Бир сумкага отурсаӊ бир күн кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан, мен көп сумканы бир алып тигем.
  • Кол эмгегиӊиз менен көп мамлекетти кыдырыптырсыз, кайсы өлкө биздин сумкаларга кызыгышат?
  • Кытайда кытайлык кыргыздар, кытайлар кызыгышат, казактар абдан кызыгып көп алышат. Акыркы жылдары кыргыздар деле көп алышат. Германиядан да биздин байкелер дүкөн ачып иштешип жүрдүм. Чет элдиктер жөнөкөй нерсени жактырышат. Ошондуктан кымбат сумканы ала алышпайт экен, кооздукка да көп кызыга беришпейт экен. Азия тараптын эли кооздукка жана сапатка кызыкканы үчүн сумкалар жакшы өтөт.
  • Бааларын айтпай кетсеӊиз окурмандар таарынса керек?
  • Булгаары өзү кымбат кездеме болгондуктан, булгаарынын баасын чыгаргандан кийин, кол эмгегибизди да кичине кошобуз. Баалар болсо карапайым калктын капчыгына ылайыктуу десем болот. Баарына жеткиликтүү болсун деп бааларын миӊ сомдон жогору койгом. Сумкалардын эӊ кымбаты 8-10 миӊ сомго жетет.
  • Элден өзгөчөлөнгүсү келген кыздар, жекече буюртмасы менен келишеби?
  • Ооба, андай фантазиялары менен келгендер көп болот. Бирок, менин ар бирине жекече тигүүгө убактым аз болгондуктан, андай буюртмаларды албайм. Андан сырткары, сумкага менин атымды жазып берчи дегендер да болот.
  • Дизайнер Дилбар Ашимбаева эженин көйнөктөрүнө сиздин сумка куп жарашчудай. Ал эженин көйнөктөрүн колунда барлар кийип жүрүшөт, сиз да чиновниктердин аялдары менен иштешесизби?
  • Дилбар эженин эмгектерин чындыгында абдан баалайм. Эмне деген шедеврлерди жаратат. Бирок мен жасаган сумкаларды бардык айымдар үчүн жасагандыктан, ким кааласа сатып ала алат. Өзүм чыныгы чыгармачыл адам болгондуктан акчага, байлыкка көп кызыга бербейм. Болгону, өзүмдүн ичимде булгуп жаткан фантазиямды эмгегиме чагылдырам.
  • Louis Vuitton, Mulberry, Hermès cheap low cost viagra. сыяктуу дүйнөлүк бренддердин чыгарган фасондорун карап турсаӊыз керек. Негизи сумка тигүүдө идеяларды кайдан аласыз?
  • Мода улам кайталанып турат эмеспи. Мен көбүнчө дүйнөлүк бренддер кандай сумкаларды чыгарып жатат көӊүл бурам. Бирок, биздин колоритти эске алып заманбап стилди жана оюуну кошуп жасайм. Сүрөтчүлөр менен иштеп жатканда идеялар көп келет.
  • Бизнести кантип баштагансыз?
  • Алгач апам биринчи тигүүчү машинени сатып берген. Ата-энем моралдык жана финансылык жактан такай жардамын көрсөтүп келишет. Анан албетте сиӊдилерим жардамдашып, жолдошум колдогону үчүн ишим илгери жүрүп жатат. Ишкананы чоӊойтуп, дүйнөлүк масштабга чыгарсам деген аруу тилектерим бар.

 

IMG-20170629-WA0028 IMG-20170629-WA0030 IMG-20170629-WA0024 IMG-20170629-WA0023 IMG-20170629-WA0021 IMG-20170629-WA0018 IMG-20170629-WA0019 IMG-20170629-WA0020 IMG-20170629-WA0003 - копия

 

Төлөбүбү Касымалиева