Адамдар башка адам тууралуу анын ички дүйнөсүн жактыраарын айтканы менен баары бир кийген кийимине көбүрөөк карашат. Бул жашоонун мыйзамы, андан эч жакка качып кутула албайбыз. «Кийим менен тосуп алып, акылы менен узатат» — деген сөз бекеринен айтылбаса керек.
Аялзаты жалтыракка, аксессуарларга жакын болот эмеспи, бирок жалтырактарга карап отурбай, гардеробдогу кийимдерди да туура тандоого өтсөӊүз жакшы. Белгилүү мода сынчысы, “Модный приговор” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Александр Васильев аялзатынын кийинүүсүндөгү кээ бир кемчиликтерди таамай айтты. Модада кеӊири колдонулган: “Сулуу эмес аял жок, болгону өзүн жакшы карабаган аялдар бар”, — деген лакап бар. Баары өзүӊүздүн табитке көз каранды.
Чыныгы табиттин жоктугу жана ачык кийимдер
Кээ бир кыздар өтө ачык кийинүү менен өзүн модада ханыша сезе беришет. Анан дагы бийик шиш така, кыска көйнөк же юбка, жайылган чач, кошулма кирпик жана абдан ачык түстөгү макияж менен баары чечилбейт. Мындай кийинүү менен аялзаты сырттан караган кишиге жеӊил ойлуу деген гана түшүнүктү бергенден башка аныктаманы бере албайт. Сенин айланаӊдагы адамдар сенин кийимиӊден ички дүйнөӊдү биле тургандай кийиниш керек.
Фигурага төп келбеген кийимдер
Толук айымдар өзүнүн фигурасын чыпташкан көйнөктөр менен ачкысы келет. Анан дагы лосина кийип алганда күлкүӊ келет, же болбосо төшү абдан чоӊ айымдар өзүнүкүнөн эки размерге кичине болгон эмчек каптарды кийип алганда таӊ калам. Абдан арыктар болсо тескерисинче арыктыгын билдирбештин айласын таап, фигурасын ачпаган шалбыраган кийимдерди кийип алышат. Бул таптакыр туура эмес. Ар ким өзүн кандай болсо, ошондой кабыл алып, фигурасына төп келе турган кийимдерди кийсе жакшы.
Жаш курагына жараша кийинбегендер
Жүрөк ар дайым 18де дегендер бар. Албетте, жүрөк 18 жашта болгону менен беттеги жаш куракты жашырууга мүмкүн эмес. Кээ бирлер жүрөгү менен кийим тандап алышат. Албетте, 25 жаштагы кийим 35те жарашпайт да. Ошондуктан ар ким өзүнүн жаш курагына жараша кийим тандоосу мыйзамга ылайыктуу. Эгер жашыӊыз 50дө болгон болсо, кыска юбкадан таптакыр качканыӊыз дурус болот. Элеганттуу кийимдер бул жаштагыларга жакшы жарашат. Жакшы карыганды да үйрөнүшүбүз керек. Ар бир адам өзүнүн табитине жараша кийинет, бирок ал өзү коомдо жүргөнүн да эске алышы керек. Ошондо гармония жаралат деп ойлойм, — дейт Александр Васильев.
Ак түстөгү кийимдерди кантип агартуу керек?
- Чакага ысык сууну куюп, ага кичине марганцовка салып, 200 грамм айна кошуп аралаштырасыз. Суу күлгүн түстө болгондо ак кийимди салып чаканы жаап коюӊуз. Чакадагы суу муздаганда кийимди алып, таза чайкап жайып коюӊуз, агарып калат.
- Перекись суутеги менен да ак кийимдердеги такты кетирсе болот. 2 литр ысык сууга 1 чай кашык 3 пайыздуу перекись суутегин, кичине сода кошосуз. 15-20 мүнөт ошол сууга ак кийимди салып айлантып турсаӊыз агарып калат.
- Ак кийимдерди жуурдун алдында 1-2 саат мурун нашатырь спирти кошулган сууга чылап койсоӊуз ак кийимдер жакшы агарат.
Самара Саламатова