Домой Аналитика Социологиялык сурамжылоодо Сооронбай Жээнбековдун алдыга озуп чыгышы – реалдуу чындык

Социологиялык сурамжылоодо Сооронбай Жээнбековдун алдыга озуп чыгышы – реалдуу чындык

62

           SAB_9289

Демократия, сɵз эркиндиги ɵкүм сүргɵн ɵлкɵлɵрдүн баарында шайлоону утурлай абройлуу агенттиктер, уюмдар тарабынан атайын сурамжылоо жүргүзүлүп, тигил же бул партиянын, же талапкердин эл арасындагы дарамети, шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү таразага салынат.  Кыргызстандагы бейтараптуу маалымат агенттиктеринин бири саналган “АКИ-пресс” тарабынан да  алдыдагы шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоого 18 талапкер чыгарылды. Сурамжылоонун жүрүшүндɵ негизинен 3 талапкердин ортосунда айыгышкан кармаш орун алып, кээде теңтайлашып турушту. Бир күнү Сооронбай Жээнбеков алдыга озсо, экинчи күнү Ɵмүрбек Бабановго добуш бергендердин саны кɵп болуп, үчүнчү  күнү Темир Сариевди колдогондор кɵпчүлүк кылып жатты. Бирок 10 күнгѳ созулган добуш берүүнүн аягында баарынан кɵп добушту Сооронбай Жээнбеков ала алды. “АКИ-пресс” маалымат агенттиги центристтик позициядагы агенттиктердин бири болгондуктан, добуш берүүнүн реалдуулугу кɵпчүлүктɵ  талаш жаратпайт. Албетте, талапкерлердин реалдуу дараметтерин, шайлоочулардын кайсыл талапкерге артыкчылык берерин 15-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы кɵрсɵтɵт. 

Биз ушул сурамжылоонун жыйынтыгына байланыштуу ɵлкɵдɵгү саясатчылардын, аттуу-баштуу инсандардын ойлорун  билдик. 

  1. “АКИ-пресстин” президенттикке талапкерлер боюнча жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы реалдуубу?
  2. Сооронбай Жээнбековдун эл ичиндеги аброюна кандай баа берет элеӊиз?

 Азизбек ТУРСУНБАЕВ, ЖК депутаты, “Кыргызстан” фракциясы:1478240846

  1. “АКИ-пресстин” сурамжылоосун бурмалоо мүмкүн эмес. Демек, сурамжылоо калыс, таза болду.
  2. ЖК депутаты катары эл аралап жүрѳбүз. Эл азыр калыс болуп калган, кимдин ким экенин так ажырата билет. Сооронбай Жээнбеков сыяктуу бай тажрыйбасы бар, салмактуу, абройлуу, таза инсандын мамлекеттин башына келишин колдоп атканы байкалат.

 

Автандил КУЛБАРАКОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:14059.jpg_w348_h446_crop

  1. “АКИ-пресс” маалымат агенттигинен президенттикке талапкерлер боюнча Сооронбай Шариповичтин көпчүлүк тарабынан алдыга озушу реалдуу чындык деп айтар элем. Мунун өзү Сооронбай мырзанын эл ичиндеги аброюнун жогору экендиги, премьер-министр катары белсемдүү, жалпы жумурай-журтка жагып иштеп жаткандыгы менен байланыштуу болууда. Себеби, Алмазбек Атамбаевдин буга чейин жакшы иштерин биздин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындан ары да буюрса татыктуу улантып кете аларына көпчүлүк эмитеден ишеним артышууда.
  2. Сооронбай Шариповичтин кадыр-баркынын жогору экенин биз эл аралап жүрүп угуп, көрүп байкап жатабыз. Алдыдагы аламан жарышта, биздин талапкер Жээнбеков көпчүлүктүн колдоосун алып, жеңишке жетишерине ишенип жатабыз.

 

Төрөбай ЗУЛПУКАРОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:Torobaj-Zulpukarov

  1. Аталган сайттын бул сурамжылоосуна жеке мен да катыштым. Менин оюмча, жалпы жонунан адилеттүү болду. Буга коомчулук да кошулат деп ойлойм.
  2. Албетте, интернеттеги сурамжылоонун жыйынтыгы менен президенттикке бир канча талапкерлердин арасынан биринчи орунду ээлегени – Соронбай Шариповичтин эл-журт алдында чыны менен аброюнун бийик экенин айгинелейт. Муну карапайым эл сурамжылоолорго, социологиялык иликтөөлөргɵ катышуу аркылуу билдиришүүдɵ.

 

Эдил ОСМОНБЕТОВ, саясат таануучу:Без названия

—          Сурооӊорго жалпылап жооп узатайын. Биринчиден, ал социологиялык сурамжылоодо кандай метод колдонулганын аныктап көрүш керек. Ошентсе да, азыркы учурда Сооронбай Жээнбеков катуу иштеп жатат. Эл аралап, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү жеринде чечип, эл оозуна алынууда. Негизи эле С.Жээнбеков буга чейин публикага көп чыкчу эмес. Азыр болсо анын аракети менен өсүш болуп жатканын көрүп жатабыз. Андыктан, бул сурамжылоону реалдуу эле деп эсептей берсек болот. Эми кимдин президент болорун шайлоодо эл чечет.

Темирбек БЕКМАМАТОВ, башпрокурордун мурдагы биринчи орун басары:

  1. Мен ойлойм, “АКИ-пресс” маалымат сайтындагы бул сурамжылоонун жыйынтыгы реалдуу эле болуш керек. Кошумча добуштар же башкача айтканда, “накрутка” болгондо, бир топ эле жогорураак пайыз көрсөтүлмөк.
  2. Туура, өкмөт башчыбыз Сооронбай Жээнбеков өзүнчө харизмага ээ болгон, тажрыйбалуу, ар кандай чыр-чатак, чуулгандуу иштерге аралашпаган, таза, мамлекетчил, эң башкысы, адамгерчиликтүү саясый ишмер. Азыркы таптагы саясатчылардын арасынан мамлекет башкарууга даяр болгон инсандардын  бири десем жанылышпайм. Анын сурамжылоодон алдыга озгону бекеринен эмес.   Ал эл арасында оозго алынып, репутациясынын  тазалыгы, иш билгилиги өңдүү сапаттары менен элдин колдоосуна ээ болууда.

  onlineerertiledysfunctionpillss. Тыныбек КАДЫРОВ, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин республикалык кеңешинин төрагасы:Без названия (1)

  1. “АКИ-пресс” сайтынын сурамжылоосу акыйкат жүрдү. Анан калса бул маалымат сайты өкмөттүк же бийликке көзкаранды болбогондон кийин сурамжылоонун жыйынтыгын адилеттүү эле беришсе керек. Мындай шартта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун алдыга озушу туура эле болсо керек. Андыктан, сурамжылоонун жыйынтыгы адилет өткөнүнөн эч кандай шегим жок.
  2. Мен бул сурооңо мындай деп жооп узатат элем. Жакында Москвага барып, ал жердеги бир катар кыргыз жигиттери волейбол, футбол боюнча турнир өткөрүп жатышкан экен, мени да атайын чакырышыптыр. Мен барып катышып, сɵз беришкенинен сүйлөдүм. Ал турнирде биздин бир канча мекендештерибиз алдыдагы президенттик шайлоо боюнча бир катар пикирлерин билдиришип, көпчүлүгү Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги боюнча жакшы ойлорун, түз пикирлерин жана шайлоодо колдой турушкандарын билдиришти. Муну менен Сооронбай Жээнбековдун эл арасында кадыр-баркы жогору экенин боолголосок болот.

Нурлан ОРОЗБАЕВ, саясат таануучу:

Без названия (2)

  1. “АКИ-пресс” “бир адамга – бир добуш” принцибинде сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгынан шек саноонун кажети жок.
  2. Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгѳн саясатын, баштаган иштерин мындан ары татыктуу улантып кетүүчү инсан катары Сооронбай Шариповичтин талапкерлиги туура тандалган. Эл талкалагычка эмес, жүрүп аткан реформаларды аягына чыгарып, Кыргызстаныбызды ѳнүгүү жолуна салуучу талапкерге ишеним артат. Андай саясатчылардын кѳч башында Сооронбай Жээнбеков турат.