Нурлан Мотуев ресторанга кирип ал жерде отургандарга мындай деп кыйкырды:
— Бардык саясатчылар, депутаттар да келесоолор!
Ал жерде казы-карта жеп, арактан айда ичип жатышкан Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков экөө ордунан тура калышып:
— Эй Нурлан, сөзүңдү кайра артка ал! Болбосо!… — деп хор менен кыйкырышат.
Анда Мотуев:
— Силер эмне, саясатчысыңарбы?-деп сураса, тигил экөө бир ооздон:
— Жок, келесообуз, бирок сен ойлогондой жөн келесоо эмеспиз, элдин жонунан кайыш тилген акылдуу келесообуз, — дешиптир бир ооздон.