Домой Коом Бишкекте “Тазалык” ишканасынын жумушчуларынын айлыгы 40 пайызга чейин жогорулатылат

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын жумушчуларынын айлыгы 40 пайызга чейин жогорулатылат

34

Март айынан тарта Бишкектеги көчө шыпыргандардын айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу “Тазалык” ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ай сайын өзгөчөлөнүп, ишин сапаттуу жана убагында аткарган жумушчуларга окладдын 30 пайызына барабар болгон сый акы да берилип турат.Айлык маянаны жогорулатуу жана кызматкерлерге сый акы берүү демилгеси мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун колдоосу менен ишке аша турганы кошумчаланды.

Майрамды утурлай “Тазалык” ишканасында иштеген аялдарга сый акы берилери маалым болду.