Домой Коом Бишкекте коомдук транспорттун жол акысы кымбаттай турганы айтылды

Бишкекте коомдук транспорттун жол акысы кымбаттай турганы айтылды

49

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү электрондук билет колдонуусу үчүн накталай жол киренин баасын көтөрүүнү пландоодо. Бул туурасында бүгүн, 9-декабрь Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жол менен калаа тургундарын электрондук карта колдонууга үйрөтүүгө болот.«Тандоо жүргүнчүлөрдүн өзүндө болот. Эгер карта менен төлөм жүргүзсө 8 сом, ал эми накталай төлөсө 12 сом же андан көп», — дейт Өмүрзаков.