Домой Шайлоо 2020 “Бирик” – “чирик” болгондо же дат баскан кылыч…

“Бирик” – “чирик” болгондо же дат баскан кылыч…

79

Бир, эки жылдан бери өзүн  укмуш мекенчил, таза инсан катары көрсөтүү аракети менен жүрүп, Мирлан Самыйкожо, Азамат Болгонбаев  сындуу маданияттын мыктыларынын жардамы, колдоосу менен “Бирик” деген партия түзүп чыккан Кылыч Исамамбетов деген “кыраан” шайлоо жакындаганда, досторун сатып, айтылуу Раиммиллиондун “Мекеним Кыргызстанынын” тизмесине  “тизилип” алганы жалпыга маалым. Көрсө, аты Кылыч болгону менен заты кылыч эмес экен, мансап үчүн шайтан менен деле, мамлекетти тоноп жаткандар менен деле биригип кетүүгө 100 пайыз дайын экенин  нак көрсөтүп койду. Ошентип,  абийирин тебелеп салып, РАИММИЛЛИОНДУН “пешкасына” айланган Исамамбетов учурда БШК койгон талаптарды четке кагып, алыскы Ак-Талаага ырчы алып барып, концерт койгон экен. Ал ырчысынын да жашы туура келбейт деген кеп айтылды. Кыскасы, БШК партиянын өзүнө эмес, талапкер Исамамбетовго айып салмай болду. Деги эле Кылыч мырза, чынында Раиммилион жана мандат үчүн баарына баргыдай. Көрсө, көкүрөгүнө ошондой “талант” уялаган жигит турбайбы… Анда эмне “Бирик” деп кыйкырып чыкты. Башында эле “Чирик” деп  кыйкырып матр-кландардын алдында чимирик атып бийлей берсе болмок экен, чыныгы жүзү ошондой болгон соң. Маскарапоздук маскасы акыры чечилерин өзү деле эң сонун билген да. Эпадам, элди билбей калат деп эч ойлобош керек эле ойрондорум..