Домой Коом Бекболот Талгарбеков: «Учурда жаштардын жеңиши токсон пайызга кыйрады»

Бекболот Талгарбеков: «Учурда жаштардын жеңиши токсон пайызга кыйрады»

118

Экс-министр агабыз бүгүнкү күндөгү талылуу маселелерди козгоп, окурмандар үчүн олуттуу маек курганга аракет жасады. Жаңы бийлик көңүл бөлүүсү кажет, болбосо алдыда кыйынчылыктарга кабылабы?..

-Бекболот байке, жаштардын күчү менен бийлик башына келген Садыр Жапаров «мен мыйзам талаасында иш алып барам» деп мурдагы Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштешүүдө. Жаштардан жүрөктөрү түшүп калган депутаттар өздөрүнө келишип, кайра шарт коюшуп, жаңы парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү сунуштап жиберишти. Алар демилгелеген мыйзамга ылайык шайлоо босогосу үч пайызга, күрөө бир миллион сомго түшүрүлүп, «форма-2» шайлоо жобосу жокко чыгарылды. Бул кадамдарды кандай бааласак болот?

-Жогорку Кеңештин учурдагы курамы беш жыл бою кыргыз элине, өлкөсүнө сансыз кыянат, кас иштерди жасап келгенин айтпаган адам коомчулукта калбаса керек. Жаштардын 5-октябрдагы жеңишинен кийин депутаттардын кадамдарын карап отуруп, «көрсө, Алмазбек Атамбаев бул парламентти «чимкирик» деп жылуужумшак, эркелетип эле айткан турбайбы» деген ой келет. Беш жыл бою «биз парламенттик башкаруу системасын орнотуп, укмуш иштерди бүтүрүп жатабыз» деп элди сооротуп келишкен депутаттардын эми мөөнөтү бүтүп жатканда гана бирде «бизде аралаш мамлекеттик башкаруу болуптур», бирде «суперпрезиденттик мамлекеттик башкаруу орноптур, ошол себептен эл итке минип, өлкө кургуйга түшүп кетиптир» дегендерин угуп, «деги Икрамжан Илмиянов беш жыл мурда тизмени түзүп жатканда депутаттыкка талапкерлердин акыл-эсин текшергенби?» деген ойго кептелесиң. Бул депутаттардын «5-октябрда жаштар шайлоонун ыплас өткөнүнө гана нааразы болушуп, бийликти алмаштырышты. Башка себеби болгон эмес. Шайлоо мыйзамын оңдоп койсок эле баары жайында болот» дегендери жаштардын эмгегине, жеңишине какырып-түкүргөндүк эмей эмне?! Ал эми депутаттардын шайлоо босогосун, күрөөнү төмөндөтүп, «форма-2» жобосун жокко чыгаруусун «шайлоо мыйзамы болгону үч пайызга жакшыртылды» деп бааласак куп жарашат. Элге жек көрүндү болуп бүтүшкөн депутаттар шайлоо мыйзамын чала-була чампалай коюшуп, 20-декабрда жаңы парламенттик шайлоону өткөрө салууга, өздөрүнө майдай жаккан анархиялык системаны сактап калууга болгон күчүн жумшашты.

-Таңгалычтуу жагдай экен. Кандай жакшы өзгөртүүлөр жасалышы керек эле?

-Эгерде депутаттар эл үнүн угушса, анда соңку мезгилде маалымат талаасында айтылган ой-пикир, сунуштарды талдап, жакшыларын мыйзамга киргизиши зарыл болчу. Алар кайсылар? Биринчи – парламенттин иштөө мөөнөтүн беш жылдан төрт жылга түшүрүү. Баягы «жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да!» деген заман эбак өткөн. Учурда биз динамикалуу, өзгөрүүлөр жылдап эмес айлап өткөн заманда жашап жатабыз. Демек, коомдун, элдин алга умтулуу, жылуу темпинен парламент артта калбашы керек. Экинчи – «Жогорку Кеңештин депутаты кайрадан депутат болуп бир мөөнөт өткөрүп гана шайлана алат» деген мыйзам жобосу киргизилиши зарыл. Антпесе депутаттык креслону приватташтырып, он-жыйырма жыл жаңы адамдарга жол бербей келе жаткан популисттер, демагогдор элди тажатып бүтүштү. Үчүнчү – «депутаттардын санын, аларга кетчү чыгымдарды азайткыла» деген талап айтылып келе жатат. Демек, жок дегенде 90 же 100 орундук парламент кылышпайбы. Төртүнчү – эгер, мисалы, 100 орундук парламент болсо, анда анын 30 оруну бир мандаттуу округдардан шайлана турган партияда жок жарандарга берилиши керек. Өлкөдө 97 пайызды түзгөн партияда жок калк парламентте бир орунсуз, ал эми 3 пайыз (болжолу) партия мүчөлөрү парламентте 120 орунду ээлеп олтурушканы акылга сыяр ишпи? Ал 30 депутат парламентте бир фракция түзө турган мыйзам жобосун бекитсе болот. Бешинчи – «шайлоо бюллетениндеги партиялык тизме ачык болсун (преференциялдык ыкма)» деген талапты айта берип, коомчулуктун тили жешилди. Бирок, өздөрүнүн кызыкчылыгын Ала-Тоодой, ал эми элдин кызыкчылыгын темененин көзүндөй көрүшкөн «чимкирик» депутаттар ал талапка келгенде «сокур, дүлөй, Апенди» болуп алышат. Кээде «булар эмнеге кыргыз элине мынчалык өч?» деп жан кашаят. Алтынчы – 5-октябрда жеңиш алып берген жаштардын талаптарынын бири люстрация мыйзамын кабыл алуу болчу. Ал унутта калды. Эгер депутаттар жаштардын талабын аткарып, «соңку 29 жылда Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку соттун мүчөлөрү, өкмөттүн мүчөлөрү болуп иштешкен жарандар кезектеги парламенттик шайлоого катышууга укуктары жок» деген мыйзам кабыл алышса, анда жаштар бул парламенттин «чимкирик» деген макамын алдыртып салышаар беле?

-Депутаттардын «алгач президенттик шайлоо жана Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлүп, анан парламенттик шайлоо өткөрүлөт» деп өздөрүнүн мөөнөтүн узартып алганы туурабы?

-Укуктук жагын юристтер тактап беришсин. Бирок бизде мамлекеттик төңкөрүш болуп өттү. Бул факт. Төңкөрүшчү жаштардын негизги талабы – бул «чириген мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо». Демек, саясый жана моралдык жактан караганда, алгач Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүү зарыл. Ал эми парламенттик шайлоо менен бирге президенттик шайлоо да эмне себептен жылдырылбаганы коомчулукка табышмак бойдон калды. Анткени, жаңы кабыл алынчу Башмыйзамга ылайык, мисалы, толук парламенттик башкаруу киргизилип, ал эми президенттик кызмат жоюлуп кетсе, анда 10-январда шайланган президентти эмне кылабыз? Тарых музейине отургузуп коёбузбу? Мына Садыр Жапаровдун депутаттардын барымтасында калганынын кесепети. Жаштардын жеңишине доо кетпедиби. А негизи, эл күткөн конституциялык реформа жасалып, референдумдун жыйынтыгы менен мыкты Башмыйзам кабыл алууга жетишсек, анда бул депутаттардын мөөнөтүнүн узартылышы өзүн-өзү актаган чечим болуп калат эле. Бирок андай ишенич өтө аз.

-Эмне себептен?

-Өлкөнүн тагдыры менен топташ ойноого кыныгышкан, калың элдин ой-пикири менен түк эсептешпеген азыркы депутаттар «Башмыйзам биз каалагандай гана өзгөрөт!» дешип, эмитен эле ишенимдүү сүйлөп жатышат. Соңку он жылда башаламан, чакчелекей, жоопкерсиз, анархиялык мамлекеттик башкаруу системасын орноткон Башмыйзамы менен өлкөнүн кыр аркасын талкалап, элди чөк түшүрүшкөнү аз келип, эми союл менен башка чапканы турушат. Бир туруп «президентке юбка кийгизип, англиялык королевага айлантабыз» дешсе, бир туруп «бир мандаттуу шайлоо системасына өтсөк, анда жалаң көпөстөр шайланып келишет, элге ишенич жок, эл мал сыяктуу да» деп күпүлдөшөт. Булардын тизгинин тартыш үчүн сөзсүз эле жаштардын кезектеги төңкөрүшү керекпи? Эмне үчүн Башмыйзамдын эки вариантын, бирөөсүн толук парламенттик, экинчисин толук президенттик кылып даярдап, аларды жалпы элдик талкууга, анан референдумга алып чыгышпайт? Прогрессивдүү инсандар далай убакыттан бери «мамлекеттик башкаруу формасын эл өзү тандасын» деп какшап келе жатышат го. Эгер сен парламенттик же президенттик башкарууну колдосоң, анда элге жеткиликтүү кылып түшүндүр, урматтуу депутат. Эл мал эмес. Кыргыз эли саясатчы сөрөйлөрдөн, өзгөчө азыркы депутаттардан нечен жылга алга кетишти. Бул кашкайган чындыкты «чимкириктерге» кантип жеткизиш керек? Ансыз деле бүгүнкү күнгө карата төңкөрүшчү жаштардын жеңишинин токсон пайызы жок болду.

-Өкмөт башчысы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кадамдарын коомчулук кандай баалап жатат?

-Жапаровдун мекенчил, таза инсан, жетекчи экендигинен коомчулук шек санаган жок. Бирок ал «мыйзам талаасында иш алып барам» деп жатып, азыркы парламенттин барымтасында калды. Көпчүлүктүн пикиринде ал демилгени колдон алдырып жиберди. Кадр саясатында да мүчүлүштөр бар. Садыр Жапаровдун эң күчтүү кадамы – бул «бийликтен кетип президенттик шайлоого катышам» дегени. Эгер шайлоо, мисалы, 10-ноябрда өтө турган болсо, анда Жапаров биринчи турда эле 60-65 пайыз менен жеңип чыкмак. Ал эми 10-январда жеңип чыгуу үчүн мыкты программа, күчтүү команда керек. Жеке менин баамымда, ал шайлоо эки тур менен аяктайт.

-Адахан Мадумаров да «президенттик шайлоого катышам» деп жарыя кылды. Анын билдирүүсүнө кандай карайсыз?

-Туура карайм. Кыязы, өлкөбүз эгемендикке жетишкенден бери бул жолу биринчи ирет президенттикке ат салышуу ачык-айкын кармашуу, чыныгы атаандаштыкта өтчүдөй болуп турат. Садыр Жапаров башка талапкерлерден эч коркпой, аларга бут тоспой, бийлик ресурстарын колдонбой күрөшсө гана жогорку урмат-сыйга татыйт. Мына, Мадумаров максатын жарыя кылар замат соцтармактарда аны каралап, мазактап киришти. Ушул туурабы? Таптакыр туура эмес. Кимдер андай ыплас иштерди жасап жатышат? Албетте, «бийликтин тарапташтары» деген шектенүү жаралат. Аларды тыюу Садыр Жапаровдун түздөн-түз милдети. Мадумаровду эмитен каралабай, кийин, шайлоо өнөктүгүндө анын көз карашын, позициясын, программасын жиликтеп талдап, сынга алуу керек. — Рахмат байке. Аман болуңуз.

булак: «Азия Ньюс»