Стратегиялык объектти кайтаруу улантылат, өткөрүү пункту болот.
Бишкекте Ак үйдүн тосмосун бузуу иштери башталды. Жумушту «Тазалык» муниципалдык ишканасы аткарат.
Парламент төрагасы Талант Мамытов билдиргендей, имарат минималдуу коопсуздукка ээ болот.
— Текшерүү пункту калат, имаратка документтер менен гана кирүүгө болот, — деп түшүндүрдү баяндамачы.
Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тосмону бузгандан кийин Ак үйдүн жанындагы аянтты жашылдандыруу долбоору башталаарын билдирди.
https://youtu.be/p1Hylr8BYl8
https://youtu.be/5e-AG2G4ttQ
булак: vesti.kg



