Домой Саясат Белгилүү мамлекеттик ишмер жана чыныгы реформатор Бекболот Талгарбеков

Белгилүү мамлекеттик ишмер жана чыныгы реформатор Бекболот Талгарбеков

60

Мыкты окумуштуу, юрист Жумакадыр Тагайбаев Улуу француз революциясы жана Октябрь революцияларын салыштырып, эки революция тең максатына жетпеди, теңдикти камсыздаганы жок, аягында кыйрады, ал эми Бекболот Талгарбековдун айыл чарба реформасы Кыргызстандын элине жерди, малды, мүлктү теңдеп, менчикке берди деп таасын баасын берген. Бир кезекте конституциялык укуктан бизге сабак берген агайымдан ашыра айта албасмын. Бирок тарыхчы жана айыл чарба райондорун жетектеген киши катары, реформанын үзүрүн көргөн калктын пикирине таянып өз оюмду сыймыктуу агабыздын кур дегенде туулган күнүндө айткым келди.

Баардык эле адамдын маңдайына тарыхта калуу бактысы жазылбайт. Тарыхта калгандары ар кандай из калтырат. Талгарбеков жаңы тарых жаратты. Эки улуу инсан мындан 160 жыл мурда элге эркиндик тартуулаган. Бири Американын президенти Авраам Линкольн. Ал кулчулукту жоюп, афроамерикалыктарды боштондукка чыгарган. Экинчиси орус императору Александр II кулчулуктун орусча формасы болгон крепосттук укукту жоюп, эзилген орус калкын эркиндикке кое берген. Ал эми Бекболот Талгарбеков кыргыз элине тарыхый укугун — жерге ээлик кылуу укугун жаңы доордо кайрадан кайтарып берди. Экөө тең — Линкольн да, Александр II да ушул эркиндикке чыккандардын колунан курман болгон. Биз да Талгарбековду адегенде түшүнбөдүк, эмдигиче учурдагы кыйынчылыктарды ага шылтагандар бар. Бирок эмгеги текке кетпеди, эл-журт жемишин дагы татып, анын айыл чарба реформасынын үзүрүн Кыргызстандын дыйкандары, фермерлери көрүп жатышат, оң натыйжасын дагы көрөт. Маселе жеткен чектен ары улап кетүүдө.

Чыныгы реформатор агабызга баардык жакшылыктарды каалайлы.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер