Домой Саясат Башкача жолдорун караштыралы деген Алмамбет мырза, абайла

Башкача жолдорун караштыралы деген Алмамбет мырза, абайла

78

Алмамбет Шыкмаматов

Кыргызстандагы бейөкмөттүк уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча мыйзамын “Ата Мекен” партиясы канатына калкалоого, ансыз да колдоого алынат, алынбайт деп арсар турган мыйзам долбоорун талкалоого өткөндүгү байкалып калды. Кыязы, АКШ бул мыйзамды таптакыр жаратпоо үчүн чоң акчанын “агымын” биздеги өздөрүнө жан тарткандарга буруп койсо керек.  Кечээ жакында бул маселе боюнча жыйын да болду. Буга чейин жазылган мыйзамды бир топ жумшартып коюуга да жетишкендиги ачыкталды.

Канткен менен “Ата Мекен” партиясы Американын “НПОчуларды” “пачкалап” чыгарып жаткан  саясатын тымызын болсо да колдоого алат эмеспи. Буга аталган партиянын илим-билимдүү депутаты, тилинде мөөрү бар Алмамбет Шыкмаматовдун позициясын мисалга тартсак болот. Алмаке мырза, “НПОчуларды” аяп, башкача жолдорун караштыралы дейт. Мейли караштырсын, бирок “НПОчуларга” убал жок, аларга мындан да катаал мыйзам жазуу абзел. Кокус кийин-кийин бул мыйзам боюнча көшөгө артында жүрүп жаткан соодалашуулар ачыкка чыгып калса, ага катыштыгы бар аткаминерлерди эл эгерим кечирбейт.