Бабанов менен Ташиевдин партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер (тизмеде 82чи ) болгон “Иска Строй” курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариев аялы менен балдарын коркутуп өлтүргөнү жатканы маалым болду. Бул маалыматты анын жубайы Анара Сариева атайы маалымат жыйынында жалпыга жар салды. Ал: “ Жолдошум Нарынбек Сариевдин үйүбүздөгү бала багуучу болуп иштеген16 жаштагы кызды зордуктаганын билип калгандан кийин, мен аны менен ажырашууга арыз бердим. 2007-жылы Нарынбек экөөбүз биргелешип “Иска Строй” курулуш компаниясын ачканбыз. Ал жерде мен сатуу жумуштары боюнча менеджер болчумун. Ажырашууга арыз бергенден кийин сот ортодогу мүлктү бөлүштүрүү маселесин карай баштады. Күйөөм мага үй-мүлкүбүздөн эчтеке бергиси келбей, мени жана балдарымды өлтүрөм деп коркута баштады. Атүгүл достору менен келип, мени көчөдө сабап да кеткен. Күйөөм менин макулдугумсуз банктан 1 млн. доллар насыя алды” -деп агынан жарылып, болушунча күйүп-бышты.
Мындан тышкары, Анара айым: “Мен бир нече укук коргоо органдарына жана Башкы прокурорго арыз менен кайрылдым. Бирок, ушул күнгө чейин алардан жооп болбоду. Учурда 3 балам менен эчтекеде жок калдым. Нарынбек улуу кызыбызга коңгуроо кылып эгер ал ага ноутбук менен биздин уюлдук телефондорубузду бербесе, мени өлтүрө тургандыгын айткан. Анын айтуусунча, ал көптөгөн жогорку кызматтагы чиновниктер менен жакшы мамиледе имиш” –деп кошумчалады. Эмнеси болсо да, бул чуулгандуу окуя коомчулукта өтө катуу талкууга алынганы калды. Нарынбек мырза менен Анара айымдын ич ара бөлүшө албаган дагы да далай окуялары ачыкка чыгышы мүмкүн.