Кыргызстанда пандемиядан улам бир канча убакыт иштебей турган аба майдандарынын баары күнү-түнү жүргүнчү тейлөөгө даяр. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо үчүн зарыл шаймандар орнотулуп, адистерге эрежелер үйрөтүлгөн. Бирок азырынча, башка мамлекеттер менен аба байланышты жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек.
Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов 24-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен коронавируска байланыштуу эпидемилогиялык кырдаалды талкуулап жатып айтканы расмий кабарланды.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан ички жана сырткы аба каттамдарын токтоткон. Чет өлкөдөгү мекендештер чартердик рейстерде ташылууда.
Июндан тартып Бишкек-Ош-Бишкек багытында гана аба каттамы калыбына келтирилген. Сентябрга жакын Жалал-Абаддагы, Баткендеги, Ысык-Көлдөгү аба майдандары иштей баштай тургандыгы кабарланган.
7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары кайра жолго коюлган. Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттер аба каттамын ачуу тууралуу Бишкектин сунушуна азырынча оң жооп бере элек.