Домой Саясат Бала бакчаларды жана мектептерди куруу – “Эмгек” партиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири

Бала бакчаларды жана мектептерди куруу – “Эмгек” партиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири

108

“Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер күн сайын шайлоочулар менен ондогон жолугушууларды өткөрүп жатышат. 4-апрелде Жумабек Салымбеков жана Эльмир Досалиев Дордой жаңы конушунун тургундары менен жолугушту.

Жумабек Салымбеков жана Эльмир Досалиев кезинде БШКнын депутаты катары кандай демилгелерди көтөрүп, кайсы жумуштардын өтөөсүнө чыга алгандыгы боюнча отчет беришип, шаардык кеңешке кайрадан келсе эмне кылышаарын айтып беришти.

“Биз Бишкекти заманбап жана өнүккөн шаарга айлантуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасадык. Биздин бардык демилгелерибиз карапайым адамдар үчүн жашоону ыңгайлуу кылууга багытталган. Биз эл үчүн кызмат кылууну каалайбыз”, – дешти алар.

Жергиликтүү тургундар конуштун негизги көйгөйлөрүн айтышты. Алардын бири – билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги.
“Биздин партия “Демилгелүү шаар” программасын иштеп чыккан. Программада калктуу конуштар жөнүндө бир нече пункт бар. Бала бакчаларды жана мектептерди куруу биринчи кезектеги милдетибиз. Мындан тышкары, тиешелүү жерлерде электр, суу түтүктөрүн жана канализацияны орнотобуз. Тротуарларды, жолдорду салып жана бардык шарттары бар заманбап эс алуу жайларын курабыз. Биз билим берүү кызматкерлерин колдойбуз. Алардын татыктуу айлыгы болушу керек”, – деди Жумабек Салымбеков.

“Биздин шайлоо программабыз Бишкек шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарына ылайык түзүлүп, көптөгөн жакшы жана керектүү болгон долбоорлорду камтыйт. Мисалы, биз бюджеттик чыгымдарды мүмкүн болушунча ачык-айкын кылгыбыз келет. Шаардын бюджети кандайча жана эмнеге жумшалгандыгын өз убагында көрөтүүнү камсыз кыла турган веб-сайтты түзөбүз. Бюрократия менен күрөшөбүз – социалдык жардам алуу процедурасын жөнөкөйлөтөбүз. Коомдук транспорттун санын көбөйтүп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу болушун көзөмөлгө алабыз. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгекке болгон укугун көңүл бурабыз”, – деди Эльмир Досалиев.

Жаңы конуштун жашоочулары “Эмгек” партиясынын пландарын жогору баалап, талапкерлерге шайлоодо ийгиликтерди каалашты.
Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.