Журналист Улукбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жазган макаласы кыргыз коомчулугун дүрбөттү. Ал июнь окуясынын 7 жылдыгынын алдында кыргыздарды мыкаачыга салыштырып, социалдык тармактардагы айрым белгисиз жарандардын комментарийлерин мисалга алып, улуттар ортосунда жик салууга аракет жасады. Бул окуядан кийин түштүктөгү кыргыз-өзбек улутунун өкүлдөрү нааразы болуп, аны жоопко тартууну талап кылып чыгышты. Ош шаарынын тургундары ушундай талап менен президентке, укук коргоо органдарына кайрылса, 1-июнда жалал-абаддыктар да Бабакуловду жазага тартууну талап кылышты.
Жалал-Абад шаарында кыргыз-өзбек аксакалдары биргелешкен маалымат жыйын өткөрүп, анда алар журналист Улукбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жазган макаласы «улуттук кастыкты козутат» деген пикирлерин айтып, ага укуктук баа берүүгө чакырышты. Жергиликтүү тургун Махамаджан Дыйканов журналисттин аракетине укук коргоо органдары баа бериши керектигин билдирди. “Кыргыздар өзбек улутун басмырлап, сарт дешет. Анын мааниси “сары ит” дегенди түшүндүрөт өңдүү, эки элди кайраштыра турган макаласын окуп жинибиз келүүдө. Нечендеген жылдардан бери ынтымакта жашаган элдердин ички мамилесин, карым-катышын билбей туруп мындай чагымчылдык кылганы үчүн журналист жооп берүүсү керек. Эгерде Улугбек Бабакулов жазган макаласы чындыкка дал келсе элге келип далилдеп берсин”, — дейт Дыйканов.
Ал эми Абдыпатта Маткалыков аттуу жаран мындай өңүттөгү макалалар 2010-жылдагыдай окуяларга себепчи болушу мүмкүндүгүн белгилеп, бийликти буга көңүл бурууга, элди ынтымакка чакырды. Аксакалдар Бабакуловдун жазгандарын негизсиз деп сыпатташты. “Интернет айдыңына жарыяланган Бабакуловдун макаласы эки элдин тең жинин келтирүүдө”,- дейт ал.
Дагы бир өзбек тектүү аксакал Сирождин Маннапов Ош окуясы да ушундай көрүнүштрдөн улам чыкканын белгилеп, бул окуяга укуктук баа берүү керектигин эскертет. “Эгер бийлик, прокуратура жана коопсуздук кызматы мындагы көрүнүшкө тез аранын ичинде чара көрбөсө бул журналист кумурскадан пил жасайт. Өткөн күнгө саресеп сала турган болсок, 2010-жылдагы окуя дагы дал ушундай көрүнүштөн улам келип чыккан. Ошондуктан, Бабакуловду мыйзам алдында жазага тартышсын дагы buy periactin weight gain. , мындай көрүнүштөрдүн алдын алышсын”, — деди Маннапов.
Жыйын алкагында уюштуруучулар макаланын арты улуттар аралык кастыкты козутууга багытталганын айтышып, тийиштүү тараптар чара көрбөсө алар президентке кайрылып, Ак үйдүн астына нааразычылык акциясына чыгышарын билдиришти.